Окумуштуу Жамин Акималиевге жазылган некролог

Коом
Окумуштуу Жамин Акималиевге жазылган некролог
copyright icon www

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын агрардык илими жана жогорку билим берүү системасы үчүн орду толгус жоготуу болду. 2026-жылдын 
6-ноябрында улуу инсан, көрүнүктүү окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик Жамин Акималиевич Акималиев 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Анын терең илимий билими, өзгөчө эмгеги жана мекенге көп жылдык ак дилден кылган кызматы Кыргызстандын айыл чарбасынын тарыхында өчпөс из калтырды.

Акималиев Жамин Акималиевич 1936-жылы 5-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында туулган. 1956-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктап, өзүнүн эмгек жана чыгармачылык жолун агроном болуп баштаган. Кийин аспирантураны бүтүрүп, 1962-жылы кандидаттык, ал эми 1981-жылы доктордук диссертациясын жактаган.

Илимий ишинин жылдарында 200дөн ашуун илимий эмгек, анын ичинде 15 монография жарыялаган. Анын эмгектери өсүмдүк өстүрүү, кант кызылчасынын агротехникасы, үрөнчүлүк, сугат дыйканчылыгы, топуракты коргоо жана азык-түлүк коопсуздугу маселелерине арналган.

Жамин Акималиев Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору, айыл чарба министринин орун басары, Республикалык агроөнөржай комплексинин төрагасы, В.И. Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын Кыргыз бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. 1996–2001-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын президенти, ректору кызматын аркалаган. Ал таланттуу окумуштуулардын бир нече муунун тарбиялап өстүргөн.

Мындан тышкары, обончу жана ырчы катары кыргыз элинин көркөм маданиятына зор салым кошкон. Анын обондору жана комуздун коштоосунда аткарган ырлары кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылган.

Агрардык илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ага ”Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер“ ардактуу наамы ыйгарылган, ал Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты болгон. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана III даражадагы ”Манас“ ордени менен сыйланган.

Жамин Акималиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерине, шакирттерине жана анын эмгегине таазим эткен бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жамин Акималиевдин бай илимий мурасы, кесибине берилгендиги жана агрардык илимди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы замандаштарынын жана келечек муундардын эсинде сакталат.

Улуу окумуштуунун жана кыргыз элинин татыктуу уулунун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Таалайбек кызы Жылдыз, Ы.Ы. Атажанов, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, К.О. Осмонбетов, А.М. Салымбеков, Б.Э. Төрөбаев, Ч. Абыкеев, У.Б. Бакасов, К.К. Самаков, Г.Т. Исаматова, Д.Ш. Кендирбаева, М.К. Мамбеталиев, М.К. Кожоев, О.Э. Капалбаев, Б.Н. Жээнбаев, Н.Э. Тотубаева, Н.Б. Сатаров, Э.Т. Аширбаев, М.М. Камчыбеков, Г.Т. Ботоканова, А.Э. Эркебаев, А.А. Бөрүбаев, О.И. Ибраимов, У.А. Асанов, Б.М. Мурзубраимов, А.Б. Бакиров, А.Т. Жунушов, А.А. Асанканов, А.А. Акматалиев, Ч.И. Арабаев, Р.З. Нургазиев, К. Асанов, Д.К. Берикбаев,И.Б. Медетов ж.б.