Кайыргүл Сартбаевага жазылган некролог

Коом
Кайыргүл Сартбаевага жазылган некролог
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын 20-октябрында улуу инсан, опера ырчысы, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кайыргүл Сартбаеванын дүйнөдөн өтүшү өлкөбүздүн улуттук маданияты жана Кыргызстандын опера искусствосу үчүн орду толгус жоготуу болду. Анын кайталангыс үнү, өзгөчө таланты жана искусствого көп жылдык ак дилден кылган кызматы өлкөбүздүн музыкалык маданиятынын тарыхында өчпөс из калтырды.

Сартбаева Кайыргүл Сартбаевна 1936-жылдын 20-июнунда Кыргыз ССРинин Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. 1962-жылы П.И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктап, чыгармачылык жолун Абдылас Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти катары баштаган.

Чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн жылдарында ырчы 50дөн ашуун опералык партияны аткарган. Алардын катарында "Айчүрөк" операсындагы Айчүрөк жана "Аида" операсындагы Аида, "Манас" операсындагы Каныкей менен Калыйман, "Евгений Онегин" операсындагы Татьяна, "Чио-Чио-Сан" операсындагы Мадам Баттерфляй, ошондой эле "Отелло" операсындагы Дездемона сыяктуу көрүнүктүү образдар бар. Анын жогорку аткаруучулук чеберчилиги Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да кеңири таанылган. Ал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү алдынкы опералык сахналарда өнөр көрсөтүп, кыргыз улуттук искусствосун эл аралык деңгээлде тааныткан.

Кайыргүл Сартбаева аткарган ариялардын, романстардын жана ырлардын 600дөн ашуун жазмасы Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алтын фондуна жана КМШ өлкөлөрүнүн телерадиофонддоруна киргизилген. Бул баа жеткис музыкалык мурас келечек муундар үчүн сакталып калды.

Кайыргүл Сартбаева кесиптик музыкалык билим берүүнү өнүктүрүүгө да зор салым кошкон. 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору кызматын аркалаган. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасынын профессору болуп иштеген жана таланттуу аткаруучулардын бир нече муунун тарбиялап өстүргөн.

Маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн ага Кыргыз ССРинин эл артисти жана СССРдин эл артисти ардактуу наамдары ыйгарылган. Ал "Манас", Эмгек Кызыл Туу жана "Ардак белгиси" ордендери менен сыйланган, бир катар мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга татыган.

Кайыргүл Сартбаеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерине, шакирттерине жана анын талантына таазим эткен бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кайыргүл Сартбаеванын бай чыгармачылык мурасы, искусствого берилгендиги жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы замандаштарынын жана келечек муундардын эсинде түбөлүк сакталат.

Улуу ырчынын жана кыргыз элинин татыктуу кызынын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Д.Дж. Амангелдиев, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, Ы.Ы. Атажанов, К.А. Талиева, М.Дж. Саккараев, Дж.К. Исаева,       Э.А. Исеналиев, М.К. Мамбеталиев, Д.Ш. Кендирбаева, Г.Т. Исаматова, Б.Ж. Кудайбергенов, Э.Т. Аширбаев, К.М. Тутуев, М.Ш. Шеримкулов, А.Ж. Жумагулов, М.О. Букуев,  С.Т. Токтакунова, А.А. Токомбаева, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, Р.Н. Чокоева, Д.А. Жалгасынова, А. Набиева, М.А. Бегалиев, К.А. Осмонов, К.Ы. Турапов, Т. Мураталиев, А.А. Максутов, К.О. Иманалиев, М.К. Жангарачева, Н.А. Асанбеков, Т.А. Чокиев, Ж.О. Кулмамбетов, Т.Т. Казаков, С. Садыкова, Т.С. Саламатов ж.б.