Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолукту.
Жолугушууда мамлекет башчысы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына, социалдык объектилердин курулушуна, энергетиканы өнүктүрүүгө жана калкты социалдык колдоо чараларына токтолду.
Бюджеттик көрсөткүчтөрдүн өсүшүн белгилеген Садыр Жапаров 2021-жылы Жалал-Абад облусунун бюджети 2 млрд 630 млн сомду түзгөнүн, ал эми 2025-жылга 11 млрд 490 млн сом өлчөмүндө бекитилгенин билдирди.
"Ошентип, 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик 4,4 эсеге көбөйгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен кошумча каржылоону эске алганда, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 39 млрд 268 млн сом багытталган, анын ичинде 27 млрд 778 млн сом кошумча каражат болгон. 2026-жылы облустун бюджети 5 млрд 569 млн сом өлчөмүндө бекитилип, тогуз ай ичинде республикалык бюджеттен 12 млрд 757 млн сом бөлүнгөн", - деп кошумчалады президент.