Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди

Шайлоо
Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди
copyright icon БШК

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.

Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрга чейин белгиленген.