Президенттик шайлоо: Даярдык, талаптар жана жаңы эрежелер

Маек
Президенттик шайлоо: Даярдык, талаптар жана жаңы эрежелер

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Саясий өнөктүктү утулай Борбордук шайлоо комиссиясы даярдык иштерин баштаган. Шайлоо тилкелерин керектүү жабдыктар менен камсыздоо, талапкерлердин арыздарын кабыл алуу өңдүү бир катар иштер алып барылууда. “Кабар” агенттиги президенттик шайлоого карата камылгалар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева менен маектешти.

– Алдыдагы президенттик шайлоого кандай даярдыктар көрүлүүдө? Өлкө боюнча канча шайлоо тилкеси ачылат?

– Кыргызстанда 2 492 шайлоо тилкеси бар. Ал эми чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерин түзүү боюнча биз жакында Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Азырынча Тышкы иштер министрлигинин берген сунуштарында чет өлкөлөрдө: 35 мамлекетте, 94 шаарда 100дөй шайлоо тилкеси ачылат. Былтыр соода борборлордо, базарларда да кошумча шайлоо тилкелери ачылган. Президенттик шайлоодо дагы аралыктан добуш берүү боюнча тилкелер ачылат.

Мындан тышкары, былтыр парламенттик шайлоодо билесиздер, аралыктан добуш берүү тилкелери ачылган. Биз азыр аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссиялары менен кайсы жерде эл көп, ошолордун негизинде анализ жасап жатабыз. Ага ылайык, Кыргызстандын ичинде дагы аралыктан добуш берүү тилкелери дагы ачылат.

Бүгүнкү күндө шайлоо жабдыктарыбыз жетиштүү. Жабдуулар шайлоого чейин тесттен өткөрүлүп, текшерилет. Шайлоого карата республикалык штаб түзүлгөн. Штабдын жетекчиси министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, анын тең төрагасы БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров. Республикалык штабдын жыйыны 6-октябрда өттү. Экинчи отурумун өткөрүү каралууда.

Биз биринчи кезекте аймактык шайлоо комиссияларын жабдыктар менен камсыз кылабыз. Эң башкысы — электр энергиясы менен жылуулук берүү талапка ылайык болушу керектиги белгиленип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ошону менен катар, биз канцелярдык товарларды жана шайлоо тилкелеринин сыртына илине турган көрнөк-жарнактарды жөнөтүүдөбүз. Учурда Ош, Жалал-Абадга жетти. Бүгүнкү күндө аймактык шайлоо комиссиясы толук курамы жана аймактык шайлоо комиссиялардын төрагалары жана катчылары азыр ошол өздөрүнүн графиктерин түзүп, нөөмөттөрдү уюштуруп иштеп жатышат.

– 2 492 шайлоо тилкесине жалпысынан канча кызматкер тартылууда?

– Республика боюнча 56 аймактык шайлоо комиссиясы бар, алардын курамы 672 мүчөнү түзөт. Ал эми 2492 участкалык шайлоо комиссияларынын курамы 25 миң мүчөнү түзөт.

– Учурда канча талапкерден арыз келип түштү?

– Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызмат ордуна талапкер болом деп катышуу ниеттин билдирген 3 талапкер документтерин тапшырды. Президентти шайлоо Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосунан айырмаланат. Бизде мурун Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан партиялар, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер биринчи бизге арыздарын тапшырып, шайлоо фонду ачылып, анан шайлоо төгүмү төлөнчү. Ал акча талапкерге кайтарылып берилбейт, республикалык бюджетке кетет. Азыр президенттин кызмат ордуна катышуу ниеттин билдирген талапкерлер дароо эле арызы менен шайлоо төгүмүн кошо төлөп жатышат. Азыр шайлоо төгүмү 1 миллион сомду түзөт. Аны “Абанк” менен “Элдик банктын” бирөөсүн тандап, эсеп ачып, өздөрүнүн шайлоо фондун түзүп, анын ичиндеги акчадан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине акча төлөйт. Төлөндү деген тастыктаган документти бизге алып келиши керек. Биз ал жок документтерин ала албайбыз. Биринчи кезекте ошол шайлоо төгүмү төлөндү деген документти анан арызын көрсөтөт. Ошондой эле президенттикке бараткан талапкер 30 миңден кем эмес 60 миңден ашык эмес шайлоочулардын колун топтошу керек. Буга чейин президенттик шайлоодо кол топтоо процесси кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген. Азыр электрондук форматта кол топтолот. “Түндүк” тиркемесинде шайлоо бөлүмү бар. Андан кол топтоо боюнча өтүнмө жибергенде кол чогултуу баракчасы ачылат. Ошол жерге кирсе талапкер болгондордун тизмеси сүрөттөрү менен чыгат. Ар бир шайлоочу каалаган талапкерине колдоо көрсөтүп, кол тамгасын таштаса болот. Бир талапкерге шайлоочу бир эле жолу колдоо жөнөтө алат. Эгерде адашып колдоо көрсөтүп алса, аны кайра кайтарууга болобу деген суроолор жаралышы мүмкүн. Бир талапкерге өзүңдүн колдооңду көрсөткөндөн кийин аны кайра кайтарып алганга болбойт. Азыркы айырмачылык ушулар.

Президенттин кызмат ордуна талапкер шайлоо күнү 35 жашка толгон Кыргызстандын жараны, жалпысынан өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашаган, мамлекеттик тилди билген жарандар талапкер болуп бара алышат. Ошону менен бирге эле соттуулугу жок, диний иштерин акыркы 5 жылда токтоткон болуш керек жана кылмыштуу топко мүчө болбошу зарыл. Мына ушундай талаптар коюлат.

– Кол топтоо процесси качан башталат?

– Биз 12-ноябрда кечки саат 24:00дө (түнкү саат 12:00) талапкерлигин көрсөткөндөрдүн арызын кабыл алууну токтотобуз. Андан кийин кол топтоо боюнча процесс жүргүзүлөт. Бул процесс 7-декабрда саат 24:00дө аяктайт. Андан кийин 10 күндүн ичинде БШК кол топтоо боюнча документтерди текшерет. Ал эми 20-декабрда саат 24:00дө (түнкү саат12:00) талапкерлерди каттоо аяктайт. Талапкер болуп катталгандардын үгүт иштери 23-декабрдан баштап жүргүзүлөт. Үгүт иштери 2027-жылдын 26-январь күнү эртең менен саат 08:00дө токтойт. 26-январь – жымжырттык күн, бул күнү жарандар ден соолугунан, же башка себептерден улам шайлоо тилкесинен тышкары жерлерде добуш беришет. Алар шайлоо күнүнө эки күн калганда участкалык шайлоо комиссияларына арыздарды тапшырышы керек.

– Шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда баштаган учурлар катталдыбы? Кандай чара көрүлдү?

– Жакында эле социалдык тармактарда кээ бир блогерлердин “бул талапкер болуп катышат экен, колдойбуз” деген өңдүү үгүттөгөн маалыматтар тарап кетти. Боршайкомдо үгүт иштери боюнча жумушчу топ бар. Алар тарабынан азырынча эскертүүлөр берилди.

– Президенттик шайлоого канча каражат сарпталат?

– Борбордук шайлоо комиссиясынын бекитилген сметасына ылайык 1 млрд 200 млн сом акча каражаты президенттик шайлоого кетет. Анын 240 миллиону бул эгер кайра добуш берүү болуп калса, ошол процесске жумшалат. Чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерин жабдуу, керектүү каражаттар менен камсыздоо жана башка иштерине 53 млн сом каралган.

– Биринчи ирет шайлоого катыша турган жарандарга белектер берилеби?

– 23-ноябрдан баштап Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда республика боюнча жогорку окуу жайлардын, орто окуу жайлардын студенттери менен жолугушуулар пландалып жатат. Жалпы 4 млн 300 миң шайлоочунун ичинен 42%ын жаштар түзөт. Ошон үчүн жаштардын шайлоого катышуусу канчалык маанилүү экенин, шайлоо кандай өтөт, шайлоочулар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы кандай шарттарды түзүп жатканы боюнча иштерди, маалыматтарды түшүндүрүп берет.

Мындан сырткары Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында Жарандык билим берүү боюнча борбор бар. Алар мэриялардын Жаштар боюнча департаменттери менен дагы биргеликте иштерди алып барып жатышат. Ал эми 18 жашка чыккандарга белек берилбейт.

– ­Президенттик шайлоого канча эл аралык байкоочу катышары күтүлүүдө?

– Шайлоо күнү белгиленгендин эртесинен баштап эле чет өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо комиссияларына, эл аралык уюмдарга кат жолдогонбуз. Былтыр парламенттик шайлоого 788 эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөн. Алар 58 мамлекеттен келишкен. Быйыл андан да көп өлкөлөргө, Европа, Америка, жана башкалардын шайлоо органдарына кат жолдодук. Учурда алардан шайлоого байкоочу катары катышуу ниетин билдирген өтүнмөлөр келип түшүүдө. Бизде жакында аларды аккредитациядан өткөрөбүз. Ошондо канча мамлекеттен эл аралык байкоочу келери белгилүү болот.

– Шайлоодо жарандарга аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү туурасында айта кетсеңиз.

– Ооба, бизде былтыр парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү системасы киргизилген. Былтыр округдар болгондуктан, каалаган шайлоо тилкесинен өзүңүздүн округуңуздун бюллетенин басып берген. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен президенттик шайлоонун айырмасы боюнча айта турган болсок, президенттик шайлоодо бул бирдиктүү округ болот. Мисалы, сиз парламенттик шайлоодо каттооңуз Бишкектин Биринчи май районунда болуп, анан сиз ошол райондогу башка шайлоо тилкесинен добуш берүүгө катыша алчу эмессиз. Бирок башка округга барып шайлоого катыша алчусуз. Азыр андай эмес, бирдиктүү округ болгондон кийин, ошол Биринчи май районунда болосузбу, же Октябрь районунда болосузбу, мисалы, өзүңүздүн тилкеңизге бара албасаңыз, жаныңызда сизге ыңгайлуу, жакын жайгашкан шайлоо тилкесине деле кирип, добуш бере аласыз. Мисалы, мен Октябрь районунда каттоодо турсам, бирок шайлоо күнү мен Ошто же чет өлкөдө болуп калсам деле, өзүмдүн тастыктаган паспортум менен же болбосо "Түндүк" тиркемеси аркылуу санарип паспортумду көрсөтүп эле идентификациядан өтүп, шайлоого катыша берем.