Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстан чет өлкөлөрдө 100дөн ашык шайлоо участогун ачууну пландап жатат. Анын 50гө жакыны Россияда жайгашып, Москва шаарында шайлоочулар көп болгондуктан, элчиликтин аймагында төрт шайлоо тилкеси уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн шайлоо тилкелеринде сыноо иретинде добуш берүү иш-чарасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Төраганын айтымында, чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерин ачуу маселеси Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда.
“Учурда элчиликтердин, консулдуктардын жана башка өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жерлери талданып, шайлоо тилкелерин ачуу каралууда. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик менен макулдашуу аркылуу ири соода борборлорунда жана базарларда да добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүлөт.
Россияда шайлоо тилкелеринин саны 50гө жакын болот. Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Казань, Уфа жана Москва облусундагы Видное, Балашиха сыяктуу шаарларда ачылат. Бул маселе жакынкы күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бекитилет”, — деди ал.
Ошондой эле Тынчтык Шайназаров чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар добуш берүү үчүн алдын ала консулдук каттоого турууга же башка шайлоо тилкесинде добуш берери тууралуу эскертүүгө милдеттүү эместигин белгиледи.
Төрага белгилегендей, жарандар “Түндүк” тиркемеси, ID-карта же жалпы жарандык паспорттун бири менен өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү каалаган шайлоо тилкесине барып добуш бере алышат.
Мындан тышкары, шайлоо күнү тилкелердеги жарандардын агымы онлайн режимде көзөмөлдөнөт. Эгер кайсы бир жерде шайлоочулар көп топтолуп, кезек жаралса, кошумча жабдуулар орнотулуп, операторлор тартылат.