Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Шайлоо учурунда электр жарыгы же интернет өчүп, генератор иштебей калган учурда участкалар 2-3 саатка чейин автономдуу иштей алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров журналисттерге айтып берди.
Анын айтымында, бул үчүн ар бир шайлоо участогу смарт-батареялар менен камсыздалган.
"Электр энергиясы өчүп калса, шайлоо жабдуулары батареяларга туташтырылып, добуш берүү улантылат. Бул убакыт ичинде электр жарыгы калыбына келтирилет же генератор жеткирилет", - деди ал.