Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого миңге жакын эл аралык байкоочунун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн шайлоо тилкелеринде сыноо иретинде добуш берүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда эл аралык байкоочуларга чакыруулар жөнөтүлүп, алардын көбүнөн катышууга тастыктоо келди.
“Бүткүл дүйнө боюнча байкоочуларга чакырууларды жибердик. Көптөгөн мамлекеттерден катышабыз деген тастыктоолор келип жатат. Өткөн шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу катышкан. Азыр деле ошондой санда болушу күтүлүүдө. Ал тургай алардын саны 1000ге жетиши мүмкүн. Себеби, алар ар дайым биздин өлкөгө кызыгуу менен мамиле кылып, шайлоолорго катышып келишет”, - деди БШКнын төрагасы.