Учурда президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараяны "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүүдө. Жарандар шайлоого катышууну каалаган талапкерлерге тиркемедеги бир нече кадамды аткаруу менен колдоо көрсөтө алышат. Бул тартип Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүбүздөгү жылы кабыл алган жобосу менен бекитилген.
Президенттикке талапкерлерди "Түндүк" тиркемеси аркылуу колдоо жол-жобосу, жеке маалыматтардын коопсуздугу жана тиркеме аркылуу кол топтоонун шайлоо күнүндөгү добуш берүүдөн айырмасы тууралуу "Кабар" агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаев кеңири маалымат берди.

— Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн эмне себептен "Түндүк" тиркемеси аркылуу кол топтоо чечими кабыл алынган?
— "Түндүк" тиркемеси аркылуу колдоо көрсөтүү системасы жарандар жана президенттикке талапкерлер үчүн ыңгайлуулук жаратуу максатында киргизилген. Буга чейин талапкерлер кол топтоо үчүн кагаз түрүндөгү баракчаларды чогултуп, ар бир жарандын жеке маалыматтарын жана кол тамгасын текшерүүдөн өткөрүшү керек болчу. Бул бир топ убакытты жана каражатты талап кылган. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жол-жобону жеңилдетүү максатында өзүнүн маалыматтык системасын "Түндүк" тиркемесине интеграциялаган. Натыйжада жарандар тиркеме аркылуу талапкерди электрондук түрдө колдой алышат. Бул кагаз документтерди чогултууга, аларды текшерүүгө жана кошумча чыгымдарга кеткен убакытты үнөмдөйт.
— Президенттикке талапкер шайлоого катышуу үчүн канча жарандын колдоосун алышы керек?
— Президенттикке талапкер кеминде 30 миң жарандын колдоосун топтошу керек. Негизи 30 минден 60 миңге чейин кол топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Талапкер 30 миңден ашык колдоо топтогондон кийин өз каалоосу менен кол топтоону токтото алат. Андан кийин 30 миңден 60 миңге чейинки колдоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат. Бул үчүн талапкер кол топтоо процессин токтотуп, чогултулган маалыматтарды белгиленген тартипте комиссияга өткөрүп бере алат.
— Жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу талапкерди кантип колдой алат? Кандай кадамдарды жасашы керек?
— Алгач жаран "Түндүк" тиркемесине кирип, өздүгүн тастыктоодон өтүшү керек. Андан кийин тиркемедеги "Президенттикке талапкерди колдоо" баннерин тандап, "Кызматка өтүү" баскычын басат. Ошондо талапкерлерди колдоо баракчасы ачылат. Бул жерден жаран өзү колдоону каалаган талапкерди тандап, тиешелүү баскычты басуу менен колдоо көрсөтө алат.
— Бир жаран бир эле учурда бир нече талапкерди колдой алабы?
— Ооба, мыйзам боюнча бир жаран бир эле учурда бир нече президенттикке талапкерди колдой алат. Мисалы, "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир талапкерди гана эмес, талапкерлигин койгон бардык жарандарды да колдоого мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде маанилүү жагдай — талапкерди колдоо шайлоо күнүндөй добуш берүү дегенди билдирбейт. Колдоо көрсөтүү талапкердин шайлоого катышуу үчүн зарыл болгон кол топтоо талабын аткаруусуна багытталган. Ал эми шайлоо күнү жаран бир гана талапкерге добуш бере алат.

— Жаран тиркеме аркылуу колдоо көрсөткөндөн кийин анын колдоосу расмий түрдө катталганын кантип биле алат?
— Жаран "Түндүк" тиркемесинде талапкерди колдоо баскычын басып, кызматтан өткөндөн кийин анын колдоосу маалыматтык системада катталат. Ал эми талапкерлер боюнча жалпы маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын ресурсунан көрүүгө болот. Аталган сайтта талапкерлердин тизмеси жана алардын канча колдоо топтогону тууралуу маалымат жайгаштырылат. Бирок жеке жарандардын кимди колдогону тууралуу маалымат жалпыга ачык көрсөтүлбөйт.
— Башка адам жарандын уруксатысыз анын атынан талапкерди колдоп коюшу мүмкүнбү?
— "Түндүк" тиркемесинде кызмат көрсөтүү үчүн жаран алгач өздүгүн тастыктоодон өтүшү керек. Тиркемеге кирүү жана кызматтарды пайдалануу жарандын өзүнүн аутентификациясынан кийин гана мүмкүн болот. Ошондуктан башка адамдын атынан колдоо көрсөтүүгө жол берилбейт. Мындан тышкары, жеке маалыматтарды иштетүү мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Жаран тиркемени колдонууда өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук берет. Маалыматтык тутумдун коопсуздугу жана ага жооптуу мамлекеттик органдардын милдеттери да мыйзамдык талаптар менен жөнгө салынат.
— Жаран бир талапкерди колдоп, кийин оюн өзгөртсө, берген колдоосун жокко чыгара алабы?
— Жок, жаран бир талапкерге колдоо көрсөткөндөн кийин аны кайра жокко чыгара албайт. Бул мүмкүнчүлүк мыйзамда каралган эмес. Ошондуктан тиешелүү талапкерди тандоодо жаран өз чечимин жакшылап ойлонуп кабыл алышы керек. Бул талап "Түндүк" тиркемесиндеги программалык камсыздоодо да эске алынган.

— Жаран кайсы талапкерди колдогону тууралуу маалымат башкаларга көрүнүп калбайбы?
— Ачык ресурс https://talapkerkoldoo.srs.kg/ аркылуу талапкерлердин канча колдоо топтогонун гана көрүүгө болот. Ал эми ар бир талапкер өзүнө берилген атайын логин жана пароль аркылуу жеке баракчасына кирип, аны колдогон жарандардын аты-жөнүн көрө алат. Мында колдоочулардын паспорттук маалыматтары, телефон номерлери жана башка жеке маалыматтары көрсөтүлбөйт. Аймактар боюнча маалыматты көргөндө жарандардын фамилиялары гана чыгат. Мындан тышкары, жалпы коомчулукка талапкерлерди колдогон жарандардын саны, жаш курагы жана жынысы боюнча жалпыланган статистикалык маалыматтар гана берилет. Мисалы, канча эркек, канча аял колдоо көрсөткөнү же колдоочулардын жаш курагы боюнча бөлүштүрүлүшү көрсөтүлөт. Бирок конкреттүү жарандын жеке маалыматтары ачык жарыяланбайт.
Жеке маалыматтардын коопсуздугу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жооп берет. "Түндүк" тиркемесиндеги маалыматтардын коопсуздугуна "Түндүк" мамлекеттик ишканасы, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык тутумундагы маалыматтардын сакталышына БШК өзү жооптуу.
— Смартфону же интернети жок жарандар талапкерди колдоо үчүн кандай жолдорду пайдалана алышат?
— Смартфону же интернети жок жарандар талапкерди кагаз түрүндө да колдой алышат. Мындай учурда талапкер белгиленген үлгүдөгү баракчаларды чогултуп, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыра алат. Бирок кагаз түрүндө кол топтоодо ар бир жарандын жеке маалыматтарын иштетүүгө берген макулдугу кошо болушу керек. Жаран колдоо баракчасына жеке идентификациялык номерин, кол тамгасын коёт жана жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук берет. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы алынган маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу текшерет. Ошондой эле кол тамгалардын аныктыгын текшерүү үчүн эксперттер тартылган учурлар болот.
— "Түндүк" аркылуу талапкерди колдоо менен шайлоо күнү ага добуш берүүнүн айырмасы эмнеде?
— "Түндүк" тиркемеси аркылуу талапкерди колдоо — бул анын президенттик шайлоого катышуусу үчүн зарыл болгон кол топтоо талабын аткарууга көмөктөшүү. Ал эми шайлоо күнү добуш берүү — бул бир гана талапкерге добуш берүү. Бул эки түшүнүктү чаташтырбоо керек. Колдоо көрсөтүү добуш берүү болуп эсептелбейт. Мисалы, жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир нече талапкерди колдой алат. Бирок, белгиленген шайлоо күнү бир талапкерге гана өз добушун бере алат. Мисалы, шайлоо күнү жаран бюллетень алып, добуш берүү кабинасында өзү тандаган бир талапкерге гана белги коюп добуш берет.