Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү максатында сыноо иретинде добуш берүү өткөрүүдө. Анын алкагында жарандар президенттик шайлоодо добуш бере турган участоктордун бирине, Бишкектеги “Дордой плаза” соода борборуна келип, ага катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров журналисттерге алдыдагы шайлоодо добуш берүү тартиби тууралуу маалымат берди.
“Бүгүн календардык планга ылайык, өлкө боюнча бардык 2 492 шайлоо участкасында сыноо добуш берүүсү өткөрүлүп жатат. Анын максаты – шайлоо участокторунун интернет, байланыш, жылуулук менен камсыздалышын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустардын бар-жогун текшерүү.
Мындан тышкары, жарандар каалаган шайлоо участогуна барып, добуш берүү процессинен өтүп көрүү жана шайлоо жабдууларынын иштешин текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү – биринчи жолу жапырт аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулуп жаткандыгында.
Жөнөкөй тил менен айтканда, өлкө жараны, шайлоочу каалаган шайлоо участогуна барып, бюллетень алып, добуш бере алат. Бул мүмкүнчүлүк Кыргызстандын аймагында гана эмес, чет өлкөлөрдө да каралган.
Мисалы, добуш берүү күнү сиз Парижде жүрсөңүз, элчиликке караштуу шайлоо участогуна барып, бюллетень алып, добуш бере аласыз.
Ошондой эле добуш берүү үчүн 3 документ жетиштүү. Алар - “Түндүк” тиркемеси, ID-карта жана жалпы жарандык паспорт. Ушул үч документ жарандардын ким экендигин аныктоо жана бюллетень алуу үчүн негиз болуп саналат”, - деди БШК төрагасы.
Саат 10:00дө башталган тесттик добуш берүү иш-чарасы 15:00гө чейин уланат.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.