Бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтөт – БШК

Шайлоо
Бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтөт – БШК
copyright icon БШК

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Кыргызстан боюнча 18-ноябрда 2 миң 492 шайлоо тилкесинде тесттик режимде добуш берүү өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты шайлоо тилкелеринин добуш берүүгө даярдыгын текшерүү жана шайлоочуларга добуш берүү процессин иш жүзүндө сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

"Ар бир шайлоо тилкеси интернет менен камсыз болушу керек. Ошондой эле тиешелүү жылуулук болушу зарыл. Электр жарыгына байланыштуу маселе жаралса, генераторлор даяр турушу керек. Негизги максат — шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерүү", — деди ал.

БШК төрагасы жарандарды 18-ноябрда өздөрүнүн шайлоо тилкелерине келип, тесттик добуш берүүгө катышып көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, 2027-жылы 27-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.