Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва 25-октябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетти. Ал добуштардын 51,79 пайызын алган. Анын атаандашы, сенатор Флавио Болсонаро добуштардын 48,21 пайызына ээ болгон. Ал Бразилиянын мурдагы президенти Жаир Болсонаронун уулу экени маалым.

Шайлоонун биринчи айлампасы 2026-жылдын 4-октябрында өткөн. Талапкерлердин бири да добуштардын жарымынан көбүн алган эмес. Ошондуктан жеңүүчү экинчи айлампада аныкталды.
81 жаштагы Лула да Силва үчүн бул жеңиш анын төртүнчү президенттик мөөнөтү болуп калды. Ал Бразилияны 2003-жылдан 2010-жылга чейин жетектеген. Андан кийин 2022-жылдагы шайлоого катышып кайра жеңип алган.