Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын колдорун "Түндүк" тиркемеси аркылуу чогултуу тартибин кайрадан түшүндүрдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, мыйзам боюнча президенттикке талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун колдоосун алышы керек. Колдор булуттук санарип кол тамгасы аркылуу электрондук форматта же кагаз түрүндөгү кол коюу барактары менен чогултулат.
Электрондук кол чогултуу "Кол чогултуу" автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү система аркылуу чогултулган колдордун санын, тизмесин жана шайлоочулардын аймактык, жаш курактык бөлүштүрүлүшүн көрө алышат.
Белгилей кетсек, талапкерлерди колдоо үчүн кол чогултуунун бул тартиби БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган жобосу менен бекитилген. Ал эми "Түндүк" порталын 3,6 миллиондон ашык колдонуучу пайдаланат.