Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, станцияны модернизациялоонун алкагында төрт гидроагрегат тең жаңыланып, ар биринин кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка чейин жогорулатылган. Натыйжада ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка жеткен.
Ошондой эле министр Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштери менен таанышты.
Сапардын жыйынтыгында энергетикалык объектилердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.