Электр энергиясын импорттоо качан токтойт? Министрдин жообу

Коом
Электр энергиясын импорттоо качан токтойт? Министрдин жообу
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызстан электр энергиясын импорттоого болгон муктаждыктан арылуу үчүн ири гидроэлектр станцияларын (ГЭС) курушу керек. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттардын электр энергиясын импорттоо качан токтотулары тууралуу суроосуна жооп берип жатып, министр учурда өлкөдө күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер курулуп жатканын, бирок булар электр энергиясына болгон таңкыстыкты толук жабууга жетишсиз экенин айтты.

"Ири ГЭСтерди куруу жана "Кара-Кече" жылуулук электр станциясын куруу пландарын ишке ашыруу электр энергиясынын таңкыстыгын ички өндүрүштүн эсебинен жабууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде импортко болгон муктаждыкты жоюуга мүмкүндүк берет", - деди ал.