Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. АКШда Конгресстин эки палатасына орто мөөнөттүү шайлоолор аяктап бара жатат. Бул туурасында Би-Би-Си жаңылыктар кызматы билдирүүдө. Учурдагы шайлоолордун жыйынтыгы президент Дональд Трамптын акыркы мөөнөтүнүн соңку эки жылын аныктайт.
Республикачылар жана демократтар Өкүлдөр палатасындагы бардык 435 орун жана Сенаттагы 100 орундун 35и үчүн ат салышууда. Мындан тышкары, губернаторлорду шайлоо 36 штатта, ал эми мыйзам чыгаруу жана жергиликтүү шайлоолор бир нече аймактарда өткөрүлүүдө.
Учурда Конгресстин эки палатасында тең - Өкүлдөр палатасында жана Сенатта президент Дональд Трамп жетектеген Республикалык партия көпчүлүктү ээлеп турат. Өкүлдөр палатасында Республикалык партия 218 орунду, Сенатта 100 орундун 53үн камтып келет.
Орто мөөнөттүү бул шайлоонун жыйынтыктары алдыдагы эки жылга өлкөнүн каржылык күчтөрүнүн балансын аныктайт.
Жаңы түзүлгөн Конгресс өз ишин 2027-жылдын 3-январында баштайт.