Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. АКШда 3-ноябрда орто мөөнөттүү шайлоо өтөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары 2028-жылдагы президенттик жарышта талапкерлердин баштапкы позицияларын аныктайт.
Америкалыктар Өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 35ин кайра шайлашат. Мындан тышкары, 36 штатта губернатордук шайлоолор өтөт. Ушул эле күнү аборт укугунан тартып миллиардерлерге салык салууга чейинки ар кандай маселелер боюнча референдумдар белгиленген.
Өлкө боюнча 80 миңге жакын шайлоо тилкелери ачылат. Сенаттагы жарышта негизги штаттар Техас, Огайо, Мичиган, Түштүк Каролина, Мэн жана Айова бойдон калууда. Ал эми Өкүлдөр палатасында Флорида жана Вирджиниядагы райондор маанилүү.
Бир нече штаттар бюллетенге аборт укуктарын кепилдөө боюнча суроолорду киргизишти. Өзүнчө бюллетендерде марихуананы легалдаштыруу, минималдуу эмгек акыны көтөрүү, өтө байларга салык салуу жана райондорду бөлүштүрүү маселелери камтылган.
Алгачкы жыйынтыктар 4-ноябрда белгилүү болот. Кошмо Штаттарда шайлоонун жыйынтыктарын жарыялаган бирдиктүү федералдык орган жок. Бул ролду ири маалымат каражаттары аткарат.
Эгерде республикачылар эки палатаны тең сактап калса, президент Дональд Трамп 2028-жылга чейин олуттуу мыйзамдык чектөөлөрсүз өзүнүн күн тартибин ишке ашырууну улантат. Сенатты демократтарга уттуруу Трампты оор күрөшсүз маанилүү дайындоолорду жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Жаңы Конгресс 2027-жылдын 3-январында кызматка киришет.