Дүйнөлүк мунайдын баасы жогорулады

Дүйнө
Дүйнөлүк мунайдын баасы жогорулады
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда мунай соодасы бираз жогору көрсөткүч менен башталды.

Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 104,85 долларды түзүп, 0,08 долларга же 0,08%га жогорулаган. Ал эми WTI маркасындагы мунайдын фьючерстери баррелине 96,73 доллардан сатылып, 0,27 долларга же 0,28%га жогорулаган.

Ошол эле учурда, россиялык Urals чийки мунайынын баасы 1,82 долларга же 1,77%га төмөндөп, баррелине 101,12 долларды түздү.

Мунайдын баасындагы өйдө-төмөн көрсөткүчтөр Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга байланыштуу экени маалым. Аймактагы чыңалуудан улам Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулар бир топ кыскарган. Окуяга чейин дүйнөдөгү мунай жана жаратылыш газынын болжол менен бештен бири дал ушул кысык аркылуу өтүп турган.