Талас, 03.11.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын кесепетинен айрым дүйнөлүк рыноктордогу дизель отунунун камылгасы 35 жылдагы эң төмөнкү сезондук деңгээлге түштү, деп билдирет ТАСС маалымат агенттиги.
Абу-Даби улуттук мунай компаниясынын башкы директору Султан бин Ахмед Аль-Жабер ADIPEC 2026 эл аралык энергетикалык конференциясында Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуудагы үзгүлтүктөр энергетикалык ресурстар менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөргө алып келгенин билдирди.
Айрым рыноктордо дизелдик отундун камылгалары 35 жылдагы мезгилдик эң төмөнкү деңгээлге чейин азайды. ADNOCтун башкы директору суюлтулган жаратылыш газынын жетишсиздиги да бар экенин белгилеген.
Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуу үзгүлтүккө учурагандан бери дүйнөлүк мунай запастарынын дээрлик 1 миллиард баррели колдонулган. Ошол эле учурда транспорттук чыгымдар кыйла өстү. Иран менен болгон жаңжалга чейин логистикалык чыгымдар мунайдын бир баррелинин баасынын болжол менен 5 пайызын түзсө, азыр алар 30 пайызга жетти.
Ормуз кысыгы эл аралык энергетикалык ресурстар менен камсыздоонун эң маанилүү жолдорунун бири бойдон калууда. Ал дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен 25% жана суюлтулган жаратылыш газынын 20% ташыйт.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Аймактагы чыңалуу чечиле элек.