Кыргызстанда күйүүчү майды үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн башка өлкөлөрдөн алуу жолдорун кеңейтүү, жетиштүү корун түзүү жана мунай иштетүүчү заводдорду жаңылоо иштери активдүү жүрүүдө. Дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук, күйүүчү майдын импортунан көз карандылык өлкө ичинде күйүүчү майды жетиштүү көлөмдө камсыздоо зарылчылыгын жаратты. Бул багытта мамлекет күйүүчү май жеткирүүчү компанияларга колдоо көрсөтүп, ички өндүрүштү көбөйтүүгө жана ташып келүүнүн башка жолдорун издөөгө аракет кылууда.
Дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу туруксуздук — татаал саясий кырдаалга, Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга, санкциялардын киргизилишине, ошондой эле акыркы жылдары калыптанган транспорттук коридорлордун ишинин үзгүлтүккө учурашына байланыштуу болууда. Мындай жагдайлар башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанга да өз таасирин тийгизүүдө.
Белгилүү болгондой, 2026-жылдын август-сентябрь айларында өлкөгө күйүүчү майдын айрым түрлөрүн жеткирүүдө үзгүлтүктөр болгон. Күйүүчү майдын керектүү көлөмүн камсыздоо максатында Кыргызстан өкмөтү, мунай трейдерлери жана башка бизнес өкүлдөрү биргелешип иш алып барууда. Негизги максат — керектөөчүлөрдү күйүүчү май менен туруктуу камсыз кылуу жана ички рынокто анын жетиштүү көлөмдө болушуна шарт түзүү.

Күйүүчү май жеткирүү булактарын диверсификациялоо
Учурда Кыргызстан күйүүчү май жеткирүү булактарын диверсификациялоо саясатын жүргүзүүдө. Башкача айтканда, өлкө бир гана жеткирүүчүгө көз каранды болбошу үчүн башка мамлекеттер менен кызматташуунун жолдорун караштырууда.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов буга чейин күйүүчү май Кыргызстанга негизинен Россиядан ташылып келсе, бүгүнкү күндө Азербайжан, Түркмөнстан, Беларусь, Түркия сыяктуу мамлекеттерден, ал гана эмес Кытайдан темир жол аркылуу күйүүчү майдын алгачкы көлөмдөрү келе баштаганын "Кабар" агенттигине билдирди.

"Кытай өлкөсү менен август айында биздин өкүлдөр өкмөт мүчөлөрү менен бирге барып, ал жактагы ири компаниялар менен келишимдерге кол коюшкан. Буга чейин күйүүчү майды унаалар менен ташып башташкан. Бирок учурда Кыргызстанга Кытайдан темир жол аркылуу биринчи жеткирүүлөр келип баштады", — деди ал.
Эшатов маалымдагандай, учурда Кыргызстанда дизель отуну боюнча кырдаал туруктуу. Ал эми бензиндин көлөмү бир аз тартыш болуп, каалаган көлөмдө сатып алуу мүмкүн эмес болууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда күнүнө 1 миң 200 тонна бензин, дизель отунунан да ушундай эле көлөм сарпталат. Жалпы мунай затына болгон күнүмдүк ички керектөө 2,5-3 миң тоннанын тегерегин түзөт. Ал эми бир жылдык керектөө орточо 1,5 млн тоннадан ашат.
Экономика илимдеринин доктору Кубат Өмүрзаков мамлекеттик органдар өлкөнү керектүү көлөмдө күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн жигердүү иш алып барып жатканын “Кабар” агенттигине билдирди.
"Биз көп жылдан бери мунайды негизинен Россиядан, бир бөлүгүн Казакстандан алып келгенбиз. Бирок, акыркы кырдаалдарга байланыштуу Россия азыр жеткирүүлөрдү толук камсыздай албай жатат. Казакстандын да өзүнүн маселелери бар. Ошондуктан биз альтернативдүү жеткирүү булактарын издөөгө аргасызбыз. Өзүңүздөр билгендей, быйыл август-сентябрь айларында эле күйүүчү май тартыштыгын сезе баштаганбыз. Бирок, өкмөт тартыштыкты жоюу үчүн күйүүчү майга субсидия берүүнү чечкени жакшы болду. Ошентсе да көйгөйлөр бар. Менимче, тиешелүү мамлекеттик органдар өлкөнү керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу үчүн жигердүү иш алып барышат. Азыр дүйнөдө, биздин аймакта да күйүүчү майга байланыштуу кырдаал белгисиз болуп тургандыктан, келечекке божомол айтуу кыйын”, — деди экономист.

Күйүүчү майга мамлекет тарабынан субсидия берүү уланууда
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан “Кабар” агенттигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылга республикалык бюджетте мунай продуктуларын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидияларды берүүгө 11 млрд 389 млн сом каралган. Быйылкы жылдын 22-октябрына карата аталган максаттарга 2 млрд 623,8 млн сомдон ашык каражат багытталган.
“Субсидиялоо механизминин алкагында мамлекет күйүүчү майды сатып алуу менен сатуу баасынын ортосундагы айырманын бир бөлүгүн компенсациялайт. Субсидиянын өлчөмү АИ-92 бензининин бир литри үчүн 30,88 сомго, дизель отунунун бир литри үчүн 42,27 сомго жана автогазга бир литри үчүн 5,38 сомго чейин түзөт. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, субсидиялоо болбогон учурда Бишкек шаарында АИ-92 бензининин бир литринин баасы 110 сомдон 119 сомго чейин, дизель отунуку - 120 сомдон 142 сомго чейин жана автогаздыкы литрине болжол менен 55 сомго чейин түзүшү мүмкүн эле”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Белгилүү болгондой, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан мындай аракеттер калкка бир топ жеңилдиктерди берүүдө. Анткени, субсидияларсыз ички рынокто күйүүчү майдын баасы бир жогоруда көрсөтүлгөндөй топ жогору болмок. Бул керектөөчүлөрдүн жана бизнестин чыгымдарынын өсүшүн токтотууга, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына басымды азайтууга жана натыйжада экономикадагы инфляцияны токтотууга жардам бермекчи. Ошентип, субсидия механизми жеке жарандар үчүн да, жалпы экономика үчүн да олуттуу оң таасирин тийгизет.

Субсидия берүү мамлекет тарабынан каралган жакшы чара экендигин, бирок ачык- айкындуулукту камсыздоо зарылдыгын экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча күн мурун өткөн тегерек столдо билдирди.
“Экономист катары биз көптөн бери күйүүчү май жеткирүү булактарын диверсификациялоо жана резервдик запастарды түзүү зарылдыгын айтып келебиз. Албетте, мунун баары түшүнүктүү, бирок маселе каржыга барып такалат. 2026-жылы субсидия берүү максаттарына 11 млрд сомдон ашык акча каралып, анын ичинен болжол менен 2 млрд 700 млн сому төлөнгөнү айтылууда. Бул да жакшы көрүлгөн чара, бирок бул жерде негизги маселе — ачык-айкындуулук. Каражаттар кандай тартипте бөлүнүп, кимдерге, кайсы компанияларга берилгени айкын болушу керек. Ошондуктан бул багытта да иш алып барып, маалыматтын ачык болушун камсыз кылуу зарыл", — деди Абдыров.
Күйүүчү майдын резервдик корун түзүү зарылдыгы
Күйүүчү май менен камсыздоодо дагы бир маанилүү маселе — резервдик корду түзүү. Эл аралык жеткирүүлөр ар кандай себептерден улам үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Адистердин пикиринде, дүйнөлүк рынокто баалардын кескин өсүшү, дүйнөлүк геосаясий кырдаал, жаңы санкциялар же убактылуу экспорттук чектөөлөр күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүнө таасирин тийгизиши ыктымал.
Мындай шартта резервдик кордун болушу өлкөнүн ички рыногун коргоого жана күтүлбөгөн кырдаалдарда керектөөчүлөрдү күйүүчү май менен камсыздоону улантууга жардам берет. Ошондуктан Кыргызстан мунай заттарын жеткирүүчү мамлекеттер менен түзүлө турган келишимдерде күйүүчү майдын көлөмүн, баасын, жеткирүү мөөнөттөрүн жана альтернативдүү жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн гана эмес, резервдик корду түзүү маселесин да карашы керек.
Кыргызстандын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуу маселелерине арналган талкууда Жогорку Кеңештин экономикалык маселелер боюнча эксперти Самат Каниметов күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо 3 багытка көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, алардын бири катары резервдик корду түзүүнү белгиледи.

"Кыргызстан деңизге чыга албаган жана мунайзаттарын сырттан жеткирүүгө көз каранды өлкө болгондуктан, жеткирүү жолдорун диверсификациялоо, логистикалык чыгымдарды азайтуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Менин оюмча үч негизги багытка көңүл буруу зарыл. Биринчиси, жеткирүү булактарын диверсификациялоо. Экинчиси, күйүүчү майдын резервдик запасын түзүү, ал эми үчүнчүсү аймактык кызматташтык механизмдерин өнүктүрүү. Мында күйүүчү майдын резервдерин түзүү багытына токтолсом, резервдер системасын түзүүдө запастар канча күнгө жетери жана жеткирүүлөрдүн канчалык тез калыбына келтирилери эске алынышы керек. Бул мезгилдик өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтып, мүмкүн болуучу кризистерге ыкчам чара көрүүгө жана ички рынокто тартыштыктын жаралуу тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда күйүүчү майды сактоого кеткен чыгымдарды жана мамлекет менен жеке жактарга түшкөн каржылык жүктү да эске алуу зарыл", — деди Каниметов.
Заводдорду модернизациялоо: импортко көз карандылыкты азайтуу аракети
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатовдун маалыматына ылайык, өлкөдө күйүүчү май өндүрүүнү жолго коюу, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу жана ички рынокту туруктуу камсыздоо максатында Кочкор-Ата жана Кара-Балта шаарларында эки ири мунай иштетүүчү завод модернизациялоо иштери жүрүүдө.
“Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы жана Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы мунай иштетүүчү эки заводдо бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Модернизация болуп, жаңы заманбап жабдуулар коюлууда. Ал эми кийинки жылы ишке киргенде Кыргызстандагы күйүүчү майга байланыштуу кырдаал өзгөрүшү керек. Биз ошого ниеттенип жатабыз", — дейт Эшатов.
Жалал-Абад облусунда жаңы мунай иштетүүчү бул заводдун курулуп жатканы президент Садыр Жапаровдун 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда да айтылды.

Маалым болгондой, жаңы завод Кочкор-Ата шаарында курулууда. Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 450 миң тонна мунайзаттарын өндүрүүгө эсептелген. Планга ылайык, завод 2026-жылдын аягына чейин толук кандуу ишке кирип, 300гө жакын жумуш ордун түзмөкчү.
Ал эми Кара-Балтадагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводунун модернизациялоо иштерин 2027-жылдын апрелине чейин аяктоо пландалган. Чийки затты кайра иштетүүгө багытталган бул завод жылына 800 миң тоннага чейин мунайды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги кабарланган.
Жыйынтыктап айтканда, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу туруксуздукка карабастан, Кыргызстанда күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ташып келүү жолдорун кеңейтүү, мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ички өндүрүштү өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ошол эле учурда бул багыттагы иштердин натыйжалуулугун арттыруу үчүн күйүүчү майдын резервдик корун түзүүгө, жеткирүүчү өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөгө жана мунай иштетүүчү заводдорду өз убагында ишке киргизүүгө көңүл буруусу зарыл. Бул чаралар өлкөнүн импортко көз карандылыгын азайтып, ички рыноктун туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.