Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Энергетикалык коопсуздук күйүүчү майдын ички рынокто болушу менен гана чектелбестен, мамлекеттин экономикалык туруктуулугуна, ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жана жарандардын бакубаттуулугуна түздөн-түз байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык маселелер боюнча эксперти Самат Каниметов Кыргызстандын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуу маселелерине арналган тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, тышкы жеткирүүлөргө көз каранды Кыргызстан үчүн күйүүчү май ташуу багыттарын диверсификациялоо, логистикалык чыгымдарды азайтуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү.
Эксперт күйүүчү май жеткирүүдө Казакстан, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кытай аркылуу өтүүчү альтернативдүү логистикалык коридорлорду өнүктүрүүнү сунуштады. Ошондой эле керектөө көлөмүнө жана баалардын өзгөрүшүнө жараша отун резервдерин түзүү зарылдыгын белгиледи. Бул сезондук өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтып, рыноктогу кризистик кырдаалдарга ыкчам жооп берүүгө жана ички рынокто тартыштыктын алдын алууга жардам берет.
Мындан тышкары, Каниметов аймактагы мамлекеттер менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү, логистикалык чечимдерди макулдашуу жана өз ара эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүү маанилүү экенин айтты. Анын пикиринде, өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен рыноктун катышуучуларынын ортосунда туруктуу координация механизмин түзүү да зарыл.
“Биздин милдет — тышкы өзгөрүүлөргө жооп кайтаруу менен гана чектелбестен, узак мөөнөттүү пландаштырууга, экономикалык эсептөөлөргө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө негизделген тобокелдиктерди башкарууга өтүү”, — деп белгиледи эксперт.