Евробиримдиктин газ камылгалары азайды

Дүйнө
Евробиримдиктин газ камылгалары азайды
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Европа биримдигинин газ сактоочу жайлары 2026/2027-жылкы жылытуу маалына 2013-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлдеги камылгалар менен киришти. Жагдай биримдиктин көгүлтүр отун менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашына туруштук берүү жөндөмүн төмөндөтүп, кыш мезгилинде баалардын туруксуздугун күчөтүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Эл аралык энергетика агенттигинин (IEA) 2026-жылга карата Global Gas Security Review журналында айтылат.

Жылдын суук маалында жана Ормуз кысыгы аркылуу суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр шартында Евробиримдиктин газ сактоочу жайларынын кубаттуулугу 2027-жылдын март айынын аягына чейин иштөө кубаттуулугунун 10 пайызынан төмөн түшүп кетиши мүмкүн.

Жылытуу мезгилинин аягына чейин газдын камылгаларынын төмөн болушу 2027-жылдын жайында сактоочу жайларга күйүүчү май толтуруу зарылдыгын бир топ жогорулатат. Бул газ рыногундагы чыңалууну кийинки жылга чейин узартышы мүмкүн.