Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Эгерде 2026-жылдын соңку чейрегинде Жакынкы Чыгыштагы абал кайрадан чыңала турган болсо мунай ташуудагы чектөөлөр күчөшү мүмкүн. Жагдай мунай инфраструктурасына чабуулдар жана Ормуз, Баб эль-Мандеб кысыктары аркылуу транзиттин үзгүлтүккө учурашына байланыштуу. Бул туурасында Оксфорд энергетикалык изилдөөлөр институтунун (OIES) акыркы айдагы отчетунда айтылган.
Божомолдор боюнча Brent мунайынын баасы 2026-жылдын төртүнчү чейрегинде баррелине 131 долларга жана 2027-жылы 96 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул баштапкы болжолдонгон эсептен 19 жана 9 долларга жогору.
Дагы бир сценарий боюнча, Жакынкы Чыгыштан мунай жеткирүү өтө жай калыбына келүүсү ыктымал. Бул операциялык жана экспорттук чектөөлөрдүн уланып, чыр-чатактын узак мөөнөттүү чечими жок болуп жатканына байланыштуу.
Ошондой эле Оксфорд энергетикалык изилдөөлөр институту баалардын төмөндөө сценарийин да карап жатат.
"2026-жылдын акыркы чейрегинде АКШнын Иран портторуна койгон блокадасы алынып, санкциялар жумшартылса мунай экспорту көбөйүп, транспорттук чыгымдар жана үзгүлтүккө учуроо коркунучу азайтышы мүмкүн", - деп белгиленет отчетто.
Мындан тышкары, 2027-жылдын аягына чейин Жакынкы Чыгышта өндүрүштүн толук же дээрлик толук калыбына келиши запастарды толтурууну тездетип, Brent мунайынын орточо жылдык баасынын бир баррель үчүн 83 долларга чейин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле күйүүчү майдын жогору бааларынын узакка созулган таасири жана өнөр жай ишмердүүлүгүнө басым мунайды керектөөнү чектеп коет. Бул сценарийде Brent наркы 2027-жылдын экинчи чейрегинде баррелине болжол менен 75 долларга чейин төмөндөйт. Ал эми жылдык орточо көрсөткүч 79 долларга чейин арзандашы ыктымал.
“Жалпысынан алганда, Brent мунайынын орточо жылдык бааларынын жалпы диапазону 2026-жылы баррелине 95-105 долларды жана 2027-жылы 71-109 долларды түзөт", - деп айтылат институттун отчетунда.