Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстан жылына болжол менен 1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан иштердин аткарылышына байланыштуу кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Маалымадалгандай, мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда.
Маселен, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге субсидияларды каржылоо үчүн республикалык бюджетте 11,389 млрд сомдон ашуун акча каражаты каралган. Бул сумманын 2,623 млрд сомдон ашуун каражаты бүгүнкү күнгө чейин берилди.
Белгилей кетсек, субсидияларды берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.