Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Ашхабад шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйыны өттү.
Отурум Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жана Түркмөнстандын энергетика министри Аннагелди Сапаровдун жетекчилиги алдында болду.
Жыйында энергетика жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүү үчүн олуттуу келечектүү багыттар бар экенин айткан Эрлист Акунбеков, Кыргызстан Түркмөнстан менен мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ага байланыштуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик компаниялардын ортосунда түз жеткирүү келишимдерин түзүү сунушталды.