Кыргызстан менен Түркмөнстандын соода жүгүртүүсү 1,8 эсеге өстү

Экономика
Кыргызстан менен Түркмөнстандын соода жүгүртүүсү 1,8 эсеге өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 7-жыйыны өттү.

Анда белгилүү болгондой, 2021-2025-жылдары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн.

Жыйында өз ара сооданы кеңейтүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгы айтылды. Мында ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо, биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүү жана ишкерлер үчүн эки тараптуу жолугушууларды уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.