Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесине 4 млн 467 миң 40 жаран киргизилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алдын ала тизме 18-ноябрга чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет. Ошондой эле тизме tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.
"Жарандар өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесине кирген-кирбегенин 2027-жылдын 12-январына чейин сайттан, шайлоо участкасынан же 1255 жана 119 кыска номерлерине чалып текшере алышат. Ошондой эле ПИН-кодду 119 номерине SMS аркылуу жөнөтүп, шайлоо участогунун номери менен дарегин билүүгө болот. Чалуулар жана SMS акысыз", - деп айтылат маалыматта.
Тизмеде ката же так эместиктер аныкталса, жарандар ошол эле мөөнөткө чейин tizme.gov.kg сайтындагы "Шайлоочунун кабинети" аркылуу арыз бере алышат. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр Калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот.