Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын бир катар аймактарындагы шайлоо участокторунун жайгашкан жерлери өзгөртүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн шайлоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жакшыртуу максатында тиешелүү токтомдорго өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзгөртүүлөр Бишкек жана Ош шаарларындагы, ошондой эле Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы айрым шайлоо участокторуна тиешелүү.
Шайлоочуларга добуш берүү алдында өз шайлоо участогунун дарегин тактап алуу сунушталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.