Бишкек мэриясында 8 кызматка жаңы жетекчилер дайындалды

Коом 9 сентябрь 2026 09:30
Бишкек мэриясында 8 кызматка жаңы жетекчилер дайындалды
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында бир катар кадрдык дайындоолор болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү тескемесине ылайык:

  • Асел Майнаева — Муниципалдык менчик башкармалыгынын Турак жай фонду бөлүмүнүн башчысы;
  • Марлен Айбеков — Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
  • Уран Мусаев — Шаардык чарба департаментинин директору;
  • Лилия Кучкачова — Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору;
  • Азамат Осмоналиев — Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Бейшембаев — Контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы;
  • Олжас Маратов — аталган башкармалыктын Контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
  • Руслан Кудайбергенов — Коррупцияга каршы аракеттенүү, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле Абдес Анарбеков өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгиленгендей, кадрдык чечимдер шаардык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.