Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көлдө экологиялык рейд өттү. Бул тууралуу Суучулдар кызматынан билдиришти.
Анын жүрүшүндө 1,5 миң метр эски кытай синтетикалык тору жана 20 килограмм таштанды чыгарылды.
Учурда көлдүн акваториясын тазалоо жана эски торлорду алуу иштери уланууда.