Борбор Азиянын технологиялык жактан кубаттуу өнөктөшү пайда болду. Дүйнөлүк ири каржы борборлорунун бири болгон Сеул шаарында өткөн алгачкы “Борбордук Азия - Корея Республикасы” саммити жемиштүү аяктады. Бул жолугушуу катардагы саясий дипломатиялык гана жыйын эмес, Сеулдун технологиялык кубаты менен Борбор Азиянын бай жана маанилүү жаратылыш ресурстарын бириктирген жаңы багыттын башаты болуп калды. Артыкчылыктуу багыттарда биргелешкен ишканаларды түзүү сунуштары айтылып, ондогон келишимдерге кол коюлду. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, жолугушуунун ийгилигинин негизги критерийлери түзүлгөн жумуш орундары жана ишке киргизилген өндүрүштөр болушу керек.
Түштүк Корея Борбор Азиянын беш мамлекетин, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлерин биринчи жолу Сеулда чогултту. Бул биздин чөлкөмдүн геосаясий мааниси өсүп жаткандыгынын дагы бир далили. Буга чейин “Борбордук Азия плюс” форматын Кытай, АКШ, Европа биримдиги, Япония жана башка өнөктөштөр колдонушканы маалым. Транспорттук жолдор, энергетика жана жаңы технологиялардын өндүрүшү үчүн маанилүү минералдар баштаган табигый ресурстар топтолгон аймакта болуу ниетин бул жолу Түштүк Корея билдирди. Анын үстүнө Сеул менен кызматташтык жаңы башталып жаткан жери жок. Аталган өлкө аймакта экономикалык, билим берүү, гуманитардык долбоорлорду ондогон жылдардан бери жүргүзүп келет.
Корея автомобиль, аккумулятор, электроника жана жарым өткөргүч өнөр жайлары үчүн чийки зат жеткирүүчүлөрдү көбөйтүүгө кызыктар. Буга жарым өткөргүчтөргө жана жасалма интеллект технологияларына болгон дүйнөлүк суроо-талаптын кескин өсүшү себеп. Аларга зарыл литий баштаган сейрек кездешүүчү минералдар жана уран Борбор Азияда бар.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттери кореялык компаниялар аркылуу экспортко, өнүкөн технологияларга, өнөр жай, кайра иштетүү, инвестицияларга жана дүйнөлүк өндүрүш нугуна жетүүнү көздөп жатат. Эң мыктысы, өнөктөштүктүн биздин аймакта биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүндүгү.
Айтмакчы, өлкө башчы Садыр Жапаров Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөр учурунда Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону сунуштады. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маанилүү минералдык ресурстар, санариптик трансформация, халал сертификациясы жана текстиль өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашышты. Андан тышкары, шаар куруу, айыл чарбасы багытында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Кореяны Борбор Азиянын ишенимдүү өнөктөшү деп атады. Ал Борбор Азиянын ресурстары жана стратегиялык транзиттик жайгашуусу технология, өнөр жай жана инновациялар жаатындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Кореянын мүмкүнчүлүктөрү менен толукталарын белгиледи. Садыр Жапаров инвестициялар боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүүнү, маанилүү долбоорлордун бирдиктүү портфелин калыптандырууну жана кореялык бизнестин Борбордук Азиянын рынокторуна чыгуусу үчүн биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады.
“Азыркы баскычтагы негизги милдет – жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүккө өткөрүү”, - деди президент Садыр Жапаров.
Кийинки жолугушууга чейин “Борбор Азия – Корея Республикасы” форматы реалдуу натыйжаларды, ишке киргизилген өндүрүштөрдү, тартылган инвестицияларды, киргизилген технологияларды жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүшү керек.
“Борбор Азия - Корея Республикасы” саммити эмне берет?
Аталган саммит буга чейинки байланыштарды инновация, гүлдөп-өнүгүү жана өз ара мамилелерди жакшыртуу аркылуу өнөктөштүктү бекемдөө менен кеңейтүүгө жол ачууда. Саммиттин башкы жыйынтыгы болгон саясий декларация, меморандум, келишимдердин арты менен бизге конкреттүү долбоорлор келип Борбор Азиянын дагы бир ири технологиялык өнөктөшү пайда болот.
Саммиттин өнүгүүгө багытталган мазмуну абдан маанилүү десе болот. Лидерлер "С5+1" форматындагы өнөр жай министрлеринин консультативдик механизмин түзүү, товарлардын номенклатурасын кеңейтүү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды өстүрүү, соодага жана инвестицияларга көмөктөшүү, бажы маселелеринде кызматташуу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, инвестицияларды стимулдаштыруу жана ишкер климатты жакшыртууга өбөлгө түзүү туурасында сөз кылышты.
Транспорттук каттамдар да четте калган жок. Кореялык компаниялардын транспорттук инфраструктураны курууга, модернизациялоого, акылдуу мобилдүүлүк системаларын санариптештирүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Ошондой эле лидерлер Борбор Азиянын критикалык минералдарынын бай запастарын Кореянын алдыңкы технологиялары менен бириктирүү, кайра иштетүү, жогорку кошумча нарктагы продукцияны өндүрүү боюнча биргелешкен чынжырларды түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Ал эми жаратылыш газын кайра иштетүүдө тараптар Кореянын алдыңкы таза технологияларын колдонуу менен энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн келечектүү багыттарды издөөгө кызыктар. Лидерлер ошондой эле гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия, энергияны үнөмдөө, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого да көңүл бурушту.
Мындан сырткары логистикалык хабдарды, кургак порттордун жана бажы органдарынын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү кызматташтык, чакан жана орто ишканаларды, анын ичинде жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар тармагындагы стартаптарды колдоо зарылдыгын белгилешти.
Лидерлер тарабынан Корея Республикасы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда аба каттамдарын өнүктүрүү, суу ресурстарын натыйжалуу колдонуу үчүн үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, климаттык технологияларды жайылтуу боюнча да орток макулдашууларга жетишилди.
Ошондой эле саммитте өлкө башчылар терроризм, баңги жүгүртүү, киберкоркунучтар, трансулуттук кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция сыяктуу коркунучтарга каршы күрөшүүдө кызматташуунун, ядролук куралды жайылтпоонун маанисин белгилешти. Саммиттин катышуучулары Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын кубатташты. Бул факт эл аралык тынчтыктын жана коопсуздуктун негизги маселелерин чечүүдө Борбор Азиянын өсүп жаткан ролун чагылдырат.
Кореялык инвесторлорго сунуш
Кореяга сапардын практикалык багытына келе урган болсок, саммиттен кийин эле Сеулда “Өсүш жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбор Азия кызматташтыгынын келечеги” бизнес-саммити өттү. Анын башкы темасы, экономикалык өнөктөштүк, соода-инвестиция, алдыңкы технологияларды тартуу жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүү. Ага 30дан ашуун кыргызстандык жана 50гө жакын кореялык компания катышып 10 документке кол коюлду. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бизнес-жолугушуунун ийгиликтүүлүгүнүн негизги критерийлери кол коюлган келишимдердин саны, түзүлгөн жумуш орундары жана ишке киргизилген өндүрүштөр болушу керек.
Өлкө башчы кореялык компанияларды ири энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, жаңы гидроэлектр станцияларын куруу жана иштеп жаткан энергетикалык объекттерди модернизациялоо долбоорлорун ишке ашырууга катышууга чакырды.
Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун аркасында ЕАЭБдин жана Борбор Азиянын рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн эске салып, каттамдын боюнда индустриялык парктарды жана логистикалык борборлорду түзүүгө кореялык компаниялар катышса болот. Мындан сырткары, кореялык ишкерлер Ысык-Көлдөгү жыл бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо курортун түзүү долбооруна, мейманкана жана асма-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө киришсе колдоого алынат.
Колдон чыгарбай турган мүмкүнчүлүк
Бул саммит Кыргызстан үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк. Кыргызстандын негизги максаты - бул мүмкүнчүлүктү соода, инвестиция, IT-технологиялар жана туризмди өнүктүрүү үчүн максималдуу пайдалануу. Мындай пикири менен саясат таануучу Асель Өмүракунова “Кабар” агенттигине берген маегинде бөлүштү.

“Корея Республикасынын Борбор Азияга болгон кызыгуусу жөн жерден эмес. Глобалдык экономиканын өзгөрүү шартында Корея ылдам өнүгүп жаткан өлкө катары жаңы рынокторго, ресурстарга, транспорттук-логистикалык жаңы коридорлорго муктаж.
Ал эми Борбор Азия бирдиктүү мейкиндик катары да, өз-өзүнчө мамлекет катары да бир топ артыкчылыктарга ээ жана ар биринин жеке кызыкчылыктары бар.
Анын ичинен Кыргызстандын потенциалы туурасында айта турган болсок, биз Чыгыш Азияга көп нерсени сунуштай алабыз. Буга гидроэнергетикалык потенциал, айыл чарбасы жана кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, туризм, санариптик кызматтар, минералдык ресурстар, адам капиталы жана, балким, аймак үчүн жаңы транспорттук мүмкүнчүлүктөр кирет.
Эми бул мүмкүнчүлүктөрдү тышкы өнөктөштөрдү кызыктырып тарта ала турган конкреттүү долбоорлорго, товарларга жана кызматтарга ырааттуу түрдө айландыруу маанилүү. Мисалы, Кыргызстандын айыл чарбасынын потенциалы жогору, бирок аны Корея рыногуна продукцияга айландырып киргизүү керек. Акыркы беш жылда соода жүгүртүү 9,2 эсеге өсүп, экономикалык байланыштардын бир топ кеңейгенин көрсөтүп турат. Эми алдыда Кореяга экспортту көбөйтүү зарылдыгы турат.
Мен бул саммитти биринчи кезекте жаңы мүмкүнчүлүк катары карайм. Кыргызстан муну соода, инвестиция, жогорку технологиялар, туризм жана эл аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүп, кеңейтүү үчүн максаттуу пайдалануусу керек. Биздин өлкө бет алган көп векторлуу саясаттын иш жүзүндөгү мааниси да ушунда. Өнөктөштөр менен жакшы мамиледе болуп, алаканы кошумча мүмкүнчүлүктөргө айландыруу”, - деди саясат таануучу Асел Өмүракунова.