Садыр Жапаров Сеул шаарында Кореянын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 16 сентябрь 2026 11:55
IMG_4939.jpeg
IMG_4940.jpeg
IMG_4941.jpeg
IMG_4942.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4939.jpeg
IMG_4940.jpeg
IMG_4941.jpeg
IMG_4942.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныкташты жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Ли Чжэ Мён Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, 1992-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери өз ара кызматташтык түрдүү тармактарда ырааттуу өнүгүп келе жатканын айтты.

Ал учурдагы жогорку потенциалга таянуу менен Кыргызстан менен Корея мындан ары да өз ара байланыштарды жана алмашууларды кеңейтет деген ишенимин билдирди.

Учурдан пайдаланып, Кореянын президенти Кыргызстан элин мамлекеттин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул Кыргыз Республикасына болгон эл аралык жогорку ишенимдин далили экенин белгиледи.

Президент Ли Чжэ Мён ошондой эле эки өлкөнүн инвестициялык агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүт артты.

Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнго Кореяга расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн жылуу меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын жана ар тараптуу диалогду чыңдоого өзгөчө маани берерин өзгөчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өлкөлөрүбүздүн ортосунда саясий пикир келишпестиктердин жоктугу жана эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги көптөгөн маселелер боюнча позициялардын жакындыгы кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү үчүн бекем негиз түзүп жатканын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлде үзгүлтүксүз саясий диалог сакталып келе жатканына токтолду. Ал 2024-жылдын декабрь айында Корея Республикасына болгон расмий сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар ырааттуу түрдө ишке ашырылып, буга чейин конкреттүү натыйжаларды берип жатканын баса белгиледи.

Эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында президент Садыр Жапаров кесиптешин эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар кыргыз-корей стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу жана эл аралык деңгээлдерде тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.