Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Премьер-министр Хан Сон Сук Кыргызстандын президентин жылуу тосуп алып, эки жактуу мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, корей тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Премьер-министр Кыргызстанда корей компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Хан Сон Сук Корея Республикасынан Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүп жатканын айтып, 2023-жылдан бери иштеп жаткан түз авиакаттам туристтик алмашууларды кеңейтүүгө жана эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп жатканын баса белгиледи. Кореянын өкмөт башчысы ошондой эле Кореянын олуттуу технологиялык потенциалы бар экенин, ал эми Кыргызстан бай жаратылыш ресурстарына ээ экенин айтып, эки өлкөнүн потенциалын жана тажрыйбасын айкалыштыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду. Санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыктын келечеги да сөз болду.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан Корея Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
“Биз айрым инвестициялык долбоорлорду гана ишке ашырууга эмес, корей бизнесинин Кыргызстанда кеңири жана узак мөөнөттүү катышуусуна кызыкдарбыз. Өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө жана өндүрүштү локалдаштырууга өзгөчө көңүл бурабыз”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Буга байланыштуу президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Садыр Жапаров ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнө биргелешип бир нече артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктап, аларды бардык этаптарда коштоону камсыз кылууну сунуштады.
Муну менен катар, президент Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгилеп, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү сунуш кылды.
Президент Садыр Жапаров жана премьер-министр Хан Сон Сук эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу зарылдыгын белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин ырасташты.