Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Кореядагы элчиси Мэлис Мамадалиев салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кореянын президенти Ли Чжэ Мёнго ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Мелис Мамадалиев Корея президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.
Ошондой эле 2026-жылдын сентябрь айында өткөн "Борбор Азия - Корея Республикасы" биринчи саммитинин алкагында Кыргызстандын президентинин Кореяга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн меймандостук үчүн корей тарапка ыраазычылык билдирди.
Кореянын президенти Ли Чжэ Мён элчи Мэлис Мамадалиевди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады жана эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоо, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.