1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйөт

Министрлер кабинети 7 сентябрь 2026 16:10
1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйөт
copyright icon WWW

Бишкек, 07.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» токтомуна кол койду. 

Токтом президенттин 2026-жылдын 10 - августундагы "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди. 

Бул токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.