Дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюндары Кыргызстанга канча киреше алып келди?

Аналитика 7 сентябрь 2026 18:00
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюндары Кыргызстанга канча киреше алып келди?
copyright icon WWW

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экономикалык таасири 100 млн доллардан ашары күтүлүүдө. Буга чейинки жылдары өткөрүлгөн Оюндар имидждик долбоорлор катары кабыл алынса, бул жолку эбегейсиз чоң масштабдагы саамалык кыргыз экономикасынын жетилгендигинен кабар берип, жаңы киреше мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачты. Экономисттер бул оюндар Кыргызстандын стратегиялык максаттарына дал келерин жана өлкөнүн Борбордук Азиядагы негизги туристтик очокко айлануусуна багытталган узак мөөнөттүү кадам экенин белгилеп жатышат. Деги эле Кыргызстан өзүнүн маданиятын туристтик кызматка жана экспорттук товарга айлантуу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү десе болот.

Бул жолку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир топ өзгөчөлүктөр менен коштолду. Ал Кыргызстан үчүн жөн гана этно-спорттук жана маданий-этнографиялык иш-чара эмес, туристтерди тартып, дүйнөлүк аудиториянын көңүлүн бурган жана бизнеске стимул берип өлкөнүн экономикасына узак мөөнөттүү туруктуу киреше алып келе турган ири эл аралык мейкиндик экенин көрсөттү. Анын үстүнө түптөлгөндөн берки 10 жылга чукул убакыттын ичинде географиясын дээрлик 4–5 эсе кеңейтти, меймандардын саны эселеп көбөйүп, каражат жагынан да кыйла айырма бар.

Жогоруда белгиленгендей, Оюндардын киреше көлөмү 100 млн доллардан ашары күтүлүүдө. Бир эле жолдомодон — оюндардын ачылуу жана жабылуу аземине, Ысык-Көлдөгү бир нече маданий иш-чараларга сатылган билеттерден алдын ала маалыматтар боюнча, 31 млн 721 миң сом түштү.

“Бишкек Арена” узак мөөнөттүү киреше булагы

Оюндар үчүн атайын салынган Борбор Азиядагы эң ири “Бишкек Арена” стадионундагы ачылыш аземине 30 миңге чукул көрүүчү келди. Төрдө орун алган дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын таасирдүү лидерлери баштаган президенттердин кадыр-баркы менен жогорку деңгээлдеги эл аралык аудиториянын назары толугу менен Кыргызстанга бурулду. Аземдин керемет ачылышы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүнүн, дараметинин жана дымагынын эң мыкты презентациясы болуп берди. Кыргызстанга четтен келген бийлик өкүлдөрү, бизнес коомчулугу, эл аралык уюмдар, туристтер жана дүйнөлүк аудитория биздин өлкөнүн абалына, инвестициялык, ишкердик потенциалына баам салып турушту.

Бул жагынан Кыргызстандын уучу куру эмес. Бир катар инвестициялык долбоорлор туурасында президент Садыр Жапаров меймандарга өзү айтып берди.

“Кыргызстандын геосаясий ролу жөнүндө түшүнүктү өзгөртө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Тарыхый масштабдагы дагы бир долбоор — кубаттуулугу 1860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушу жигердүү уланууда. Жыл бою толук иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластеринин курулушу Кыргызстанды жыл бою саякаттоого ылайыктуу туристтик багыт катары эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Өлкөнүн финансылык жана инвестициялык системасын өнүктүрүү максатында ушул жылдын 3-чейрегинде Ысык-Көлдүн жээгинде “Тамчы” эл аралык финансылык-инвестициялык аймагын ишке киргиздик. Бул аймак өзгөчө укуктук режимге ээ болуп, англис укугунун негизинде иш жүргүзөт. Биз Тамчыны бир гана инвестициялык аймак катары эмес, эл аралык капиталдарды, заманбап финансылык технологияларды жана инвестициялык фонддорду бириктирген жаңы финансылык борборго айландырып жатабыз”, — деди президент Садыр Жапаров.

Бул эл аралык бизнес коомчулугунун кулагына күмуш сырга. Айтмакчы, “Бишкек Арена” ушул күздө эле дивиденттерди бере баштайт. Жакынкы аралыкка дүйнөлүк атактуу ырчылардын концерттери белгиленген. Арена башында эле ФИФАнын тандоо турларын, кубоктук беттештерди жана аймактык чемпионаттарды үзгүлтүксүз өткөрүүгө, масштабдуу коммерциялык шоуларды уюштурууга эсептелген.

Кырчын — мамлекеттин ар тараптуу инвестициясы

Көчмөндөр оюндарынын уникалдуу долбоору Кырчын капчыгайындагы этношаарча болду. Өкмөттүн ушул жерге салган каражаты өзүн актап, узак мөөнөттүү жана туруктуу кирешеге алып келет деп үмүт берүүдө. 500гө жакын боз үй тигилип, облустардын, мекеме-ишканалардын көчмө айылдары уюштурулду. Салттуу чопо курулуштарынан этнобазар тургузулуп, спорттук мелдештер үчүн ондогон аянттар ордун тапты.

Кирешенин ири бөлүгүн дал ушул Кырчындагы этношаарча, андагы ишкерчилик менен шугулданган өнүккөн, чакан жана орто бизнес алып келери бышык. Жайлоодогу деги эле Оюндардын жалпы экономикалык курамын карай турган болсок, алдыга кызмат көрсөтүү жана соода сектору чыкканына күбө болдук. Өзгөчө этнобазарда соода кайнады. Сатыкка колдо жасалган миңдеген долларлык буюмдар коюлуп, ишкерлер товарларын акчалуу эс алуучуларга сунуштай алышты.

  • Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мейманкана, конок үй, хостелдер;
  • Коомдук тамактануу жайлары;
  • Буйрутмалар;
  • Гид, котормочу, туристтик агенттиктер;
  • Транспорттук компаниялар, жеткирүү жана ташуу кызматы;
  • Кол өнөрчүлөр жана сувенир өндүрүшү;
  • Экологиялык таза өндүрүш продукциялары;
  • Ижара (боз үй, жылкы);
  • Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундарынын кирешеси.

Бул Кырчын долбоорунун мүмкүнчүлүгүнүн 10 гана пайызы. Алдыда жыл бою үзбөй конок тосууга ылайыкташкан этношаарча куруу пландалууда. Инфраструктура менен камсыздалып, тоо шартында санитардык жана башка ыңгайлуу жайлар түзүлөт. Ал эми келечектеги этношаарчага кирүү үчүн акы алынат.


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүүсү Кыргызстандын стратегиялык максаттарына дал келет. Бул туурасында ОшМУнун Бизнес паркынын директору, экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз экономикасына жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Анын өткөрүлүүсү Кыргызстандын стратегиялык максаттарына туура келет. Кыргызда “арканды узун ташта” деген жакшы сөз бар. Таасирин бир-эки жылда тез эле сезебиз деп ойлобошубуз керек. Бул узак мөөнөттүү чоң стратегиялык максат. Кыргызстанды эл аралык туризмдин Борбор Азиядагы алдыңкы очогуна айлантуу керек. Көчмөндөр оюндарына келгендер Кыргызстандын бардык мүмкүнчүлүктөрүн байкап көрүштү. Оюндардын узак мөөнөттүү таасири туурасында айта турган болсок, биздин өлкө Көчмөндөр оюндарынын мекени болгон мамлекет катары таанылууга жана туристтик бренд болууга татыктуу.
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө салымын кошот. Мурда туризмдин арзан түрлөрүнө басым жасап, ошого жараша рыноктон өз ордубузду ээлеп келген болсок, азыр дүйнөлүк алдыңкы туристтик компаниялар менен иштешип, өнүккөн өлкөлөрдөн турист тартууга мүмкүнчүлүк жаралды. “Бишкек Арена”, Кырчын сымал бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды. Булардын баары Кыргызстандын экономикасына түз таасирин тийгизчү факторлор. Экономикада мындай көрүнүштү мультипликативдик эффект деп айтышат. Бир тармактын өнүгүүсү сөзсүз башка тармактардын алдыга жылышына, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келет. Туризм баштаган тармактардын өнүгүшү инвестор катары келе турган туристтердин санын көбөйтөт, алдыңкы технологиялардын келишине шарт түзөт”, — деди Эрлан Камалов.

Ал эми экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, Кыргызстан өзүнүн маданиятын туристтик кызматка жана экспорттук товарга айлантуу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Ал “Кабар” агенттигине берген маегинде Көчмөндөр оюндары жараткан кызыгууну туруктуу кирешеге айлантуу зарыл деп белгиледи.

“Негизги экономикалык таасир коноктордун мейманканага, тамактанууга, транспортко, экскурсияларга жана жергиликтүү товарларга жумшаган акчасынан түзүлөт. Чакан жана орто бизнес үчүн бул кошумча кардар, буйрутма жана убактылуу жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү. Мисалы, конок үйүнүн кирешеси өскөндө, анын азык-түлүк жеткирүүчүлөрүнө, дыйкандарга жана тейлөө кызматтарына да суроо-талап көбөйүшү мүмкүн. Анын үстүнө сентябрдагы оюндар Ысык-Көлдүн туристтик сезонун дагы да узартты.
Бирок өлкө канча таза экономикалык пайда алганын айтуу үчүн уюштурууга кеткен чыгымдарды, туристтердин кошумча сарптоосун жана курулган объекттердин кийинки пайдаланылышын эсептөө зарыл. Узак мөөнөттө оюндар этнотуризмди, ат турларын, кол өнөрчүлүктү жана улуттук кийимдерди эл аралык рынокко чыгарууга шарт түзө алат.
Кыргызстан өзүнүн маданиятын туристтик кызматка жана экспорттук товарга айлантуу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Эми бул кызыгууну туруктуу кирешеге айлантуу үчүн сапаттуу тейлөө, ыңгайлуу каттамдар жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен оюндардан кийинки туруктуу иш-аракеттер керек”, — деди Искендер Шаршеев.