1-октябрдан тарта пенсия жогорулап, орточо өлчөмү дээрлик 13 миң сомду түзөт

Министрлер кабинети 21 сентябрь 2026 12:40
1-октябрдан тарта пенсия жогорулап, орточо өлчөмү дээрлик 13 миң сомду түзөт
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы талкууланды. Өзгөчө көңүл үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияларды жогорулатууга даярдык көрүү маселесине бурулду.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми жогорулоонун орточо өлчөмү 1 753 сомду түзөт.

Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө төлөп берүү үчүн бардык зарыл иш-чараларды өз убагында аягына чыгарууну тапшырды.