“Бишкек Аренанын” ачылышы: Акысыз билеттер ticket.gov.kg сайтына чыкты

Коом 20 сентябрь 2026 16:10
“Бишкек Аренанын” ачылышы:  Акысыз билеттер ticket.gov.kg сайтына чыкты
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 20.09.26. /Кабар/. “Бишкек Аренанын” ачылышына карата акысыз билеттер ticket.gov.kg сайтына чыкты. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал белгилегендей, 5-октябрда “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышына арналган чоң шоу-концерт өтөт. Иш-чарага кирүү акысыз. Билеттер ticket.gov.kg сайтына жайгаштырылды. Учурда каалоочулар каттоодон өтүп ала алышат.

“Биринчи этапта 10 миң билет берилет. Билеттердин баары бир убакта эмес, этап-этабы менен ар кандай санда жеткиликтүү болот. Мындай тартип мүмкүн болушунча көбүрөөк жаран билет алууга жетишсин деген максатта киргизилди. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системасы колдонулат. Каттоодон өткөн адам стадионго жүзүн таануу аркылуу кирет”, - деп айтты Каныбек Туманбаев.