Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Бишкекте курулган 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" стадиону Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын курулуш министрлерине тааныштырылды.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, күн мурун "Борбор Азия – Кытай" форматындагы экинчи иш-чаранын алкагында курулуш министри Нурдан Орунтаев чет өлкөлүк өкүлдөргө стадиондун архитектуралык чечимдери, курулуш өзгөчөлүктөрү жана техникалык параметрлери тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, стадиондун диаметри 280 метрди, бийиктиги 70 метрди, жалпы аянты 85 миң чарчы метрди түзөт. Долбоор үч жер алдындагы жана беш жер үстүндөгү кабатты камтыйт.
Белгилей кетсек, "Бишкек Арена" 51 миң көрүүчүгө ылайыкталып, Борбор Азиядагы эң ири футбол аренасы болуп саналат. Бул өлкөдөгү ири инфраструктуралык долбоорлордун бири.