Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкекте 18 жаштан жогорку курактагы жарандар суроо-талапка ээ санариптик кесиптерди акысыз өздөштүрө ала турган инновациялык IT-мектеп — "Мектеп 21" ачылууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, долбоор Россиянын Сбербанкы тарабынан иштелип чыккан "Школа 21" билим берүү платформасынын франшизасынын негизинде президенттик IT-мектептин базасында ишке ашырылат.
"Окутуу толугу менен акысыз болот, бардык чыгымдарды мамлекет өзүнө алат. Бул жерде жашына жана жынысына карабастан каалаган адам кайрадан кесиптик багытын өзгөртүп, суроо-талапка ээ кесипке ээ боло алат", — деди министр.
Ал окуунун алкагында 19дан ашык программа каралганын белгиледи. Бир жыл ичинде 200гө жакын жаран билим ала алат, ошондой эле катышуучулар үчүн жашап турууга 40ка жакын орун каралган. Мектептин өзгөчөлүгү — салттуу окутуу системасынын жоктугу. Катышуучулар билим берүү программасына ылайык программаларды өз алдынча өздөштүрүшөт.
Кендирбаева бүгүнкү күндө IT тармагындагы адистер экономиканын бардык тармактарында суроо-талапка ээ экенин белгиледи.
"Биздин милдет — Кыргызстандын жарандарын эл аралык мыкты тажрыйбаларга тартуу жана IT тармагында суроо-талапка ээ билим алууну жеткиликтүү кылуу", — деди министр.