Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. "Мектеп 21" – бул суроо-талапка ээ болгон санариптик көндүмдөрдү алууга жана заманбап технологияларга байланышкан кесипти өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берген долбоор. Бул тууралуу Бишкекте долбоордун презентациясында "Мектеп 21дин" (башкы кеңсе) директорунун орун басары Наталья Медведева билдирди.
Анын айтымында, "Мектеп 21де" окутуу маалыматтык технологиялар тармагында адистерди даярдоого жана эмгек рыногунда талап кылынган практикалык көндүмдөрдү алууга багытталган.
Бүгүн Бишкекте "Мектеп 21де" алгачкы кабыл алуу башталды. Тандоо процессинин алкагында катышуучулар "Бассейн" аттуу алгачкы интенсивдүү окуудан өтүшөт.
"Мектеп 21де" билим алуу акысыз.