Бишкекте "Мектеп 21ге" кабыл алуу башталды – видео

Билим 22 сентябрь 2026 18:05
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкекте "Мектеп 21" – санариптик технологиялар мектебине кабыл алуу башталды. Анда 18 жаштан жогорку Кыргызстандын жарандары IT багытында билимди акысыз ала алышат. Бул тууралуу журналисттерге Бишкектеги "Мектеп 21дин" директору Азиза Чистякова билдирди.

Анын айтымында, мектептин негизги багыты – IT адистерин даярдоо жана Кыргызстандын санариптик өнүгүүсү үчүн кадрларды калыптандыруу.

"Мектеп 21" – бул инновациялар мектеби. Ал суроо-талапка ээ болгон санариптик көндүмдөрдү акысыз өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.