Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкекте "Мектеп 21дин" ачылышы Кыргызстан менен Сбербанктын ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабы болуп, өлкөдөгү санариптик кадрларды даярдоого жана технологиялык потенциалды өнүктүрүүгө салым кошот. Бул тууралуу Sberbank International компаниясынын улук башкаруучу директору Олег Капитонов билдирди.
"Санариптик кадрларсыз санариптик тармакты жана жалпы эле экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн технологиялык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө кошулган маанилүү салым", - деди ал.
Капитоновдун белгилешинче, "Мектеп 21дин" билим берүү программасы 19дан ашык адистикти камтыйт. Алардын 11и программалык камсыздоону иштеп чыгууга, калгандары IT тармагындагы башка багыттарга байланыштуу. Алардын арасында backend-иштеп чыгуу, жасалма интеллект, промпт-инжиниринг жана киберкоопсуздук бар.
Анын айтымында, окутуу форматы биринчи кезекте практикалык көндүмдөрдү алууга багытталган. Катышуучулар бир жылдын ичинде IT тармагында өз алдынча иштөө үчүн зарыл болгон даярдыктан өтө алышат.
"Мектеп 21" №99 IT-коллеждин аймагында иштейт. Капитоновдун айтымында, мындай жайгашуу коллеждин бүтүрүүчүлөрүнө ошол эле билим берүү чөйрөсүндө IT тармагында окуусун улантууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал ошондой эле кампустун жанында технопарк жайгашканын белгиледи. Анын резиденттери мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн потенциалдуу иш берүүчүлөр боло алышат.
Капитоновдун айтымында, учурда Россияда "Мектеп 21дин" 35тен ашык кампусу иштеп жатат. Анын белгилешинче, Россиянын тажрыйбасы программанын бүтүрүүчүлөрүнүн IT-компанияларга ишке орношуунун жогорку деңгээлин көрсөтүүдө.
"Мектеп 21" салттуу окутуу системасы жок форматта иштейт. Катышуучулар билим берүү программасын өз алдынча өздөштүрүп, практикалык тапшырмаларды аткарышат.
Окууга кабыл алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 22-сентябрдан башталат. Талапкерлер кирүү этаптарынан жана онлайн-маектешүүдөн өтүшү керек. Бул этаптардан ийгиликтүү өткөндөр ноябрь айында кампуста өтө турган жана эки жумага созула турган тандоо туруна катыша алышат.
Оелгиленгендей, окутуу акысыз болот, бардык чыгымдарды мамлекет өзүнө алат.