Лицей директорлору кесиптик билим берүү боюнча окуудан өтүштү

Коом 6 октябрь 2026 16:55
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.46.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.46.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.30.39.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Өлкөдөгү 94 кесиптик лицейдин директорлору кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана окуу жайларды натыйжалуу башкаруу маселелери боюнча окуудан өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу бүгүн №18 кесиптик лицейде өтүп, ага агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик лицейлердин директорлору катышты.

Окутуунун алкагында баштапкы кесиптик билим берүүнүн учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн багыттары талкууланды.

Мындан тышкары, кесиптик лицейлерди каржылоо, кошумча киреше булактарын түзүү, кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү, лицензиялоо, билим берүүнү санариптештирүү жана укуктук камсыздоо маселелери каралды.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринде укук бузуулардын, буллингдин жана рэкеттин алдын алуу, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маалымат берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик лицейлердин 30 мугалимине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды. Алардын 15и “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисине, дагы 15и Ардак грамотага татыды.