Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Аймактардагы инвестициялык долбоорлорду электрондук форматта коштоо жана инвесторлор менен иштөөнү жеңилдетүү максатында жергиликтүү жетекчилерге атайын окутуу өткөрүлдү.
Агенттиктен билдиришкендей, катышуучулар "Инвестициялар" автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөөнү, аймактардын инвестициялык сунуштары тууралуу маалыматтарды киргизүүнү жана жаңылоону үйрөнүштү. Ошондой эле инвесторлорго мамлекеттик органдар менен иштөөдө көмөк көрсөтүүчү "бирдиктүү терезе" механизми түшүндүрүлдү.
"Окутуу аймактардагы инвестициялык демилгелерди натыйжалуу коштоого жана маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Окутууну Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Мамлекеттик башкаруу академиясы жана "Түндүк" ААК менен биргеликте уюштурду",-деп айтылат маалыматта.