Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Жакында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстанда биринчи жолу балдардын креативдик-индустриалык паркы салынат. Бул тууралуу тапшырма берилгендигин Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн “Илимдеги кыздар” (STEAM4Girls) иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, ошол жерде экологиялык, санариптик, киберкоопсуздук жана робот жыйноо боюнча жаңы заманбап имарат курулат. Ошондой эле мугалимдерди өнүктүрүү борбору кошо салынат.
“Эч нерседен тайманбаганга чакырам. Канчалык эне билимдүү болсо, ошончолук коом, ал тарбиялаган балдар дагы билимдүү болот. Бирок, ошол эле учурда биз балдардын өнүгүшүнө чоң мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Эгерде бүгүн аялдарга жасалган зомбулукту азайтабыз десек, балдарды чектөөгө, балдардын ролун эрте аныктоого биз шашпашыбыз керек. Аларды ушунчалык өнүктүрүүгө биз бардык аракетибизди жасайлы. Жеке гана илимде кыздар эмес, балдар дагы бирдей жаңылыктарды ачышын каалайм. Эң мыкты ашпозчулар балдардан да чыгат, дүйнөдөгү эң мыкты кийим тигүүчүлөр балдардан да чыгат”,- деди Кендирбаева.
Ошондой эле бүгүнкү күндө балдардын билим алуусуна мамлекет тарабынан толук шарттар түзүлүп жатканын белгилеген министр, илимдин, технологиянын, инженериянын өнүгүшүндө чек ара жок экендигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, кечээ, 1-октябрда Кыргыз улуттук тарых музейинде кыздарды илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) багыттарына тартууга багытталган “Илимдеги кыздар” (STEAM4Girls) программасынын III фазасы расмий түрдө башталды.