Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук тарых музейинде кыздарды илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) багыттарына тартууга багытталган “Илимдеги кыздар” (STEAM4Girls) программасынын III фазасы расмий түрдө башталды.
Маалымдалгандай, аталган иш-чара “Илимдеги кыздар (STEAM4Girls): учур жана келечек анын колунда” деген ураан алдында өтүүдө.
Илимий саамалыкка мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа катышууда.
Иш-чаранын алкагында музейдин аймагында интерактивдүү STEAM-зоналар уюштурулган. Ошондой эле “STEAM World - TED Talks” форматында илим, технология, инженерия жана инновация тармагында ийгиликке жетишкен окуучу кыздар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.
Мындан тышкары, программага катышкан мугалимдер, окуучу жана студент кыздар илим тармагында жетишкен ийгиликтери менен бөлүшүп, илимди өнүктүрүүгө багытталган идеяларын, сунуштарын жана келечектеги максаттарын ортого салышууда.