Илимге жана аялдардын укугун коргоого арналган өмүр: Роза Айтматованын өмүр өрнөгү

Коом
Илимге жана аялдардын укугун коргоого арналган өмүр: Роза Айтматованын өмүр өрнөгү
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмери, илимпоз-педагог, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды. Ал өмүрүн илимге жана билим берүүгө арнап, аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти жайылтуу багытында үзүрлүү эмгектенген. Анын агартуу тармагына жана коомдук өнүгүүгө кошкон салымы, адамдык бийик сапаттары артында өчпөс из калтырды.

Роза (Розетта) Төрөкуловна Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 8 айлык кезинде атасы камакка алынып, үй-бүлөсү оор күндөрдү башынан кечирген. Төрөкул Айтматов 1938-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

1991-жылы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен атасынын сөөгү табылганда, Роза Айтматова анын тагдырына байланышкан тарыхый чындыкты коомчулукка жеткирүүгө көңүл бурган. Ал атасынын өлүмүнө тиешеси бар адамдарды кечиргенин ачык билдирген. Бул анын жеке кайгысына карабастан, адамдык айкөлдүктү жана кечиримдүүлүктү жогору койгонун көрсөткөн окуялардын бири болуп калды.

Илим жана билим берүү тармагындагы эмгеги

Роза Айтматова Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин аяктап, аспирантурада билим алган. Физика-математика илимдеринин кандидаты даражасына жетип, Кыргыз ССР Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. Көптөгөн жылдар бою И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде физикадан сабак берген.

Ал педагогика боюнча 200дөн ашык илимий-методикалык макаланын жана гендердик маселелерге арналган эмгектердин автору. Билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн ага "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилген.

Роза Айтматова илим менен чектелбестен, коомдук иштерге да активдүү катышкан. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору жана университеттин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы катары билим берүү тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө салым кошкон.

Аялдардын укугу үчүн күрөшкөн коомдук ишмер

Роза Айтматованын өмүрүндөгү маанилүү багыттардын бири — аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчиликти жайылтуу болгон. Ал аялдардын коомдогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү жана алардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүү багытында иш алып барган.

1995-жылы Пекинде өткөн аялдардын абалы боюнча дүйнөлүк конференцияга катышып, Кыргызстанда гендердик маселелерди көтөргөн алгачкы коомдук ишмерлердин бири болгон. Өлкөдө “Гендердик мектепти” негиздеп, аял-лидерлердин жаңы муунун даярдоого салым кошкон. Ошондой эле Аялдарга жардам берүү борборун жетектеп, аялдардын укуктарын коргоо багытында иш жүргүзгөн.

Бул багыттагы эмгеги эл аралык деңгээлде да бааланган. 2014-жылы “FEMME” журналы аны “Жылдын айымы” деп тандаган. Бул анын аялдардын укугу жана тең мүмкүнчүлүктөр үчүн көп жылдык ишмердигине берилген баалардын бири болгон.

Кыргыздын кыздары билимдүү болушу керек

Роза Айтматованын өмүр жолу илим-билим, агартуу жана коомдук ишмердүүлүк менен гана чектелбестен, кесиптештеринин эсинде адамдык өзгөчө сапаттары менен да калды.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраеванын айтымында, ал өзү билим алган окуу жайы менен өмүрүнүн акырына чейин тыгыз байланышта болуп, университеттин иш-чараларына үзгүлтүксүз катышып турган.

“Роза эже биздин окуу жайдын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири эле. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктагандан кийин өзүбүздүн окуу жайда иштеген. Физика-математика илимдеринин кандидаты, кийин профессор болгон. Биз менен өмүрүн аягына чейин байланышта болду. Университеттин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы эле”, — дейт ректор.

Анын айтымында, Роза Айтматова башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөнүнө карабастан, ар бир адамга жылуу мамиле жасап, кесиптештерине дайыма камкордук менен мамиле кылчу.

“Ал өзгөчө адам болчу. Көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүктөн, адамдарга болгон мамилеси да башкача эле. Атасы “эл душманы” аталып, согуш маалында үй-бүлөсү оор күндөрдү башынан кечирген. Бирок апасынын тарбиясы менен алар турмуштун оор жүгүн көтөрүп, билим алышкан. Роза эже бизге дайыма жакшы мамиле кылчу. Үй-бүлөдө ынтымак болушу керектигин көп айтчу.

Ректор Роза Айтматованын мугалимдик кесипке жана илимге берилгендигин да өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө экономикалык кыйынчылыктар өкүм сүргөн жылдары эмгек акыны бир нече айлап ала албай калган учурларда да ишин таштаган эмес.

“Биз азыркы заман менен ошол мезгилди салыштыра албайбыз. Ал убакта билим берүү тармагында абдан оор шарттар болгон. Союз тарагандан кийин эмгек акыны бир нече айлап албай калган күндөрүбүз болду. Ошого карабастан, мугалимдик кесипти таштап кетейин деген ой келген эмес” деп айтчу. Роза эже ошол кыйын кездерде да ишин улантып, илимге жана билим берүүгө салымын кошту”, — деп эскерди ал.

Айгүл Абдраеванын белгилешинче, Роза Айтматова өзү билим алган Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун түптөлүү максатын да көп айтып берчү. Ал кезде кыргыз кыздарына билим берүү жана өлкө үчүн мугалимдерди даярдоо өзгөчө мааниге ээ болгон.

“Кыргыз кыздары билимдүү болушу керек, анткени алар эртеңки күндүн энелери, келечек муунду тарбиялай турган адамдар деп түшүндүрчү. Ошол мезгилде кыз-келиндерге билим берүү максатында Кыргызстанда гана эмес, Өзбекстанда, Казакстанда жана Тажикстанда да атайын институттар ачылган. Экинчи жагынан, согуш учурунда көп мугалимдер фронтко кетип, айрымдары каза болуп, мектептерде кадрлар жетишпей калган. Ошондуктан кыз-келиндерден мугалимдерди даярдоо да маанилүү максат болгон. Роза эже ушул тарыхты жакшы билчү жана көп айтып берчү”, — деди ректор.

Роза Айтматова илим жана билим берүү менен катар аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти жайылтуу багытында да үзүрлүү эмгектенди. Айгүл Абдраева анын бул ишмердүүлүгүнүн артында аялдардын тагдырына кайдыгер карабаган мамиле турганын белгиледи.

“Ал аялдар кыймылынын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Аялдардын укугун, мүмкүнчүлүктөрүн коргоого өзгөчө көңүл бурчу. Өзүнүн апасынын башынан өткөн кыйынчылыктарын да көп ойлонуп, аялдарга, энелерге жардам берүү керектигин айтып калчу”, — деп эскерди ал.

Ректордун айтымында, Роза Айтматова университеттин коомдук жашоосуна өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин активдүү катышып, чакырууларды кабыл алып, кесиптештери менен жолугушуп турган. Жашы улгайса да, окуу жайдын мааракелерине жана башка иш-чараларына келип, жаштарга насаат сөздөрүн айтып берчү.

“Университетте болгон иш-чараларга чакырсак, биздин көңүлүбүздү кыйбай, сыйлап келип берчү. Кийинки жылы 90 жылдыгын белгилөөнү пландап жаттык эле. Андыктан, биздин окуу жайда оор жоготуу болуп жатат.
Ал университеттин жамааты үчүн жөн гана кесиптеш эмес, жаш муунга өрнөк боло турган инсан эле. Анын илимге жана билим берүүгө берилгендиги, адамгерчилиги, аялдардын укугун коргоо жаатындагы эмгеги жана жаштарга калтырган насааттары эсте калат”, — деп кошумчалады ректор.

Улуу жазуучунун карындашы

Роза Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы катары да коомчулукка кеңири таанылган. Ал агасынын чыгармачылыгын жана үй-бүлөнүн тарыхын терең билген, Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүнүн башынан өткөн оор тагдырды өз өмүрүндө да сезген инсан эле. Анын өмүр жолу үй-бүлөлүк тарых, илим-билим жана коомдук ишмердүүлүк менен тыгыз байланышта болду.

Роза Айтматова өмүрүн илимге, агартууга жана коомдук иштерге арнап, аялдардын укугун коргоо жаатында да олуттуу салым кошту. Анын эмгеги, адамгерчилиги жана билимге болгон берилгендиги кыргыз коомунун эсинде сакталып, кийинки муундарга үлгү болуп кала берет.