Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бишкекте 28 панфиловчу баатырдын эрдигинин 85 жылдыгына карата "Биздин Панфилов" аттуу тарыхый-документалдык көргөзмөнүн бет ачары өттү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, 16-ноябрда Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көргөзмө залында өткөн иш-чарада Панфилов дивизиясына таандык тарыхый экспонаттар көрсөтүлдү.
Ага Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, жогорку окуу жайлардын студенттери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, 1941-жылдын ноябрь айында Москва шаарын коргоодо генерал-майор И.В. Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери эрдик көрсөтүшкөн. Алардын баатырдыгы Мекенди коргоонун жана аскердик антка берилгендиктин символу катары тарыхта калган.