Чынбаева: Кыздар илимдин туу чокуларын багындырышы үчүн шарт түзүү керек

Коом 2 октябрь 2026 11:40
6abe613f9b306.jpeg
6abe613fb0c7a.jpeg
6abe613f8eba4.jpeg
6abe613f80679.jpeg
Алдыга
Артка
6abe613f9b306.jpeg
6abe613fb0c7a.jpeg
6abe613f8eba4.jpeg
6abe613f80679.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде Кыздардын эл аралык күнүнө карата STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Самман Тапа катышты.

Өз сөзүндө Асел Чынбаева кыздардын билим алууда жана кесип тандоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

“Биз кыздар каалаган кесипти ишенимдүү тандап, илимдин бийиктиктерин багындырып, эң амбициялуу долбоорлорун ишке ашыра алышы үчүн, өз потенциалын эч кандай терс көз караштар менен чектебеши үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек” — деди Чынбаева.

STEAM4Girls программасы алты жылдан бери өспүрүм кыздардын лидерлик жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүп келет.

Жаңы этаптын алкагында республика боюнча мектептерде STEAM-клубдарын түзүү пландалууда.